АКСЫДАГЫ ЭНЕ ТИЛ МАЙРАМЫ

  • 23.09.2021
  • 0

23-сентябрь — Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгы Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинде татыктуу белгиленди.

«Кыргыз тилим — кенч, байлыгым түгөнбөс» деген темада жалпы мектептик деңгээлде адабий-музыкалык иш-чара өткөрүлүп, анда ар түрдүү ырлар ырдалып, бийлер бийленди. Көркөм окуулар болуп, акыйнек айтылды. «Манас» эпосунан үзүндү камтылып, комуз күүлөрү жаңырды.

АКСЫДАГЫ ЭНЕ ТИЛ МАЙРАМЫ
Мындан тышкары, ар бир класста тарбиялык сааттар өтүлүп, анда атайын слайддар, роликтер пайдаланылды; башталгыч класстар мугалими Абдыкеримова Нурия «Эне тилим — кенч байлыгым, мурасым» аттуу адабий-музыкалык иш-чара өткөрүп, анда башталгыч класстардын көркөм окуулары жана башка программалар камтылды;
Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгына карата атайын бурч уюштурулуп, буклеттер, дубал гезиттер чыгарылды.

АКСЫДАГЫ ЭНЕ ТИЛ МАЙРАМЫ

Бул сыяктуу иш-чаралар Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурула бермекчи.

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер