АКСЫДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 11.09.2023
  • 0

11-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Жыгач айылындагы А.Кулубаев атыдагы №64 Дардак-Дөбө мектебинин жаңы имараты салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады.

АКСЫДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Маалыматка ылайык, мектептин ачылышына КР Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров, КР ЖК төрагасы Н.Шакиев, билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу У.Усеков, ЖК депутаты Г.Култаева, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору М.Жыпаркулов баштаган жетекчилер, мектеп жамааты, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

100 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна 93 млн сом жумшалган. Өлкө башчысынын 100 мектеп куруу демилгесинин алкагында ачылып жаткан кезектеги мектептин салтанатында сөз сүйлөгөн ЖК Төрагасы мындай саамалык өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп жатканын, бул али чек эмес экендигин белгилеп: “Жаңы мектептин ачылып жатышы, айыл эли үчүн чоң жаңылык. Мындай саамалык өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырылууда. Быйыл эле 100 мектептин курулуш жүргүзүлүп, айрымдары колдонууга берилүүдө. Бул албетте чек эмес. Өлкө жетекчилеринин туура жүргүзгөн саясатынын аркасында дагы далай жакшы иштер жасалат. Мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү жаңы социалдык мекемелер курулуп, калктын жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлор улантылат”, – деди.

Келген меймандар мектептин ичин кыдырып, тарых сабагын өтүп жаткан 7-класстын окуучулары менен баарлашып, жаңы окуу жылын жаңы мектепте баштап жаткан окуучуларга кең келечек каалашты.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер