АКСЫДА МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР

  • 19.08.2021
  • 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун мектептеринде жаңы окуу жылына карата оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Аксы районунда 65 мектеп жана 2 мектептен сырткары билим берүү мекемеси бар.
Жакында Аксы райондук мамлекеттик администрациясы менен Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн куралган комиссия мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип, билим берүү мекемелеринде оңдоп-түзөө иштери канааттандырарлык жүргүзүлгөнүн белгилешти.
Райондук борбордо жайгашкан Темиркул Уметалиев атындагы орто мектебинде жаңы окуу жылына карата «Манастаануу» залы, ошондой эле физика каанасы толук жабдылып бүттү. Быйылкы 20, 30 жылдыкка келишкен мурунку бүтүрүүчүлөр биринчи кабаттын терезелерин жаңылап беришти.
Мындай жагымдуу өзгөрүүлөр райондогу ар бир мектепте бар.

Узен Атаканов, Аксы району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер