АКСЫДА МЕКЕНЧИЛ БӨБӨКТӨР АРБЫН

  • 06.09.2021
  • 0

Аксы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбиялануучуларды Ата Мекенди сүйүүгө, атуулдукка  тарбиялоо багытында үзгүлтүксүз иш жүргүзүп келишет.

АКСЫДА МЕКЕНЧИЛ БӨБӨКТӨР АРБЫН

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш чаралар, тарбиялык сааттар ага далил боло алат. Мындай мыкты жөрөлгөлөр ар бир бала бакчада балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша ар түрдүү усулдар менен өткөрүлүүдө.

АКСЫДА МЕКЕНЧИЛ БӨБӨКТӨР АРБЫН

Эгемендүүлүк майрамын, улуу элибизди, кооз жергебизди, карт тарыхыбызды жана улуттар аралык ынтымакты даңазалаган ырлар көркөм айтылып, уккулуктуу ырлар ырдалды. Майрамдык шаң бөбөктөрдүн, ата-энелердин, катышуучулардын мекенчилдик сезимдерин курчутту.

АКСЫДА МЕКЕНЧИЛ БӨБӨКТӨР АРБЫН

«Бешиктеги баланын бек болорун ким билет,» дейт эмеспи элибиз. Анын сыңарындай, буюрса, бул бөбөктөр Мекен жүгүн аркалаган мыкты инсандар болуп жетилет деген аруу тилектерди айтуу менен, тарбиячылардын түйшүктүү иштерине арбын ийгиликтерди  каалайбыз.

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер