Аксыда бензин ташыган унаа оодарылып, 8 куб солярка күйүп кетти
- 24.08.2023
- 0
23-августта Аксы районунан өткөн Кербен – Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, өрттөнүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруучулардын аракети менен тилсиз жоо саат 16:38де чектөөгө алынып, 18:07де толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен унаадагы 8 куб солярка, андан тышкары өрттүн көлөмү чоң болгондуктан 15 га куураган чөп күйгөн.
Бөлүшүү
Комментарийлер