АКШ КЫРГЫЗСТАНДА БОЛО ТУРГАН ШАЙЛООЛОРДУ КОЛДОО ҮЧҮН КАРЖЫ БӨЛҮП БЕРЕТ

  • 12.11.2020
  • 0

АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) аркылуу АКШнын Кыргыз Республикасында боло турган Президенттик жана Парламенттик шайлоолорго, кыргыз эли өзүнүн бийликтеги өкүлдөрүн шайлап алуусу үчүн, өз убагында жардам көрсөтүү ниетин билдирүүдө.

Бул каражаттар Кыргыз Республикасына кенен колдоо көрсөтөт, анткени алар эрежелерге, шайлоо реформаларына жана көзөмөлгө негизделген, анын ичинде Европадагы Коопсузду жана Кызматташтык Уюумунун (ЕККУнун) акыркы байкоочулар миссиясы сунуш кылган өзгөртүүлөрдү камтыйт. Ошондой эле бул каражаттар, Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) демократиялык стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын туу тутуп, президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүдө колдоо көрсөтөт.

USAID Кыргыз Республикасынын көзкарандысыз демократиялык мамлекетке айлануусун 1990-жылдардын башынан бери колдоп келет. Бүгүнкү күндө биз Кыргыз Өкмөтүнө, анын элине жана жөнөкөй жарандардан турган жарандык коом топторуна, демократиялык институттарды коргоого, адам укуктарын колдоого жана эркин жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө жардам берүү милдетибизди жаңыртып жатабыз.

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында саясий туруктуулукка жана экономикалык гүлдөп-өнүгүүгө өбөлгө түзө турган ачык-айкын демократиялык башкаруунун, жандуу жарандык коомдун жана таза шайлоонун жаңы доору келет деп күтөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер