АКШ ӨКМӨТҮ МЕКТЕПТЕРГЕ ДЭЭРЛИК 1,8 МИЛЛИОН ЖАҢЫ КИТЕПТЕРДИ БЕЛЕККЕ БЕРДИ

  • 12.12.2023
  • 0

Бүгүн 12-декабрда, Кыргызстандагы 1681 мамлекеттик мектептер АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Окуу керемет!» долбоору аркылуу дээрлик 1,8 миллион балдар китептерин алышты.

АКШ ӨКМӨТҮ МЕКТЕПТЕРГЕ ДЭЭРЛИК 1,8 МИЛЛИОН ЖАҢЫ КИТЕПТЕРДИ БЕЛЕККЕ БЕРДИ

  • Бул китептер 2020-жылдан бери ар кандай жанрдагы 1500гө жакын жаңы аталыштагы балдар китептерин жараткан 60 жергиликтүү автор менен 30 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши. Алар үй-бүлө жана достук, урмат-сый, көп түрдүүлүк жана чыгармачылык сыяктуу баалуулуктарды жайылтат. Окуу үчүн бекем пайдубалды түзүү менен, биз ар бир баланын жаркын келечегин камсыздай алабыз жана бирге күчтүү мамлекет курууга салымыбызды кошобуз”, — деди USAID миссиясынын директору Кая Адамс.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 450 000ден ашуун башталгыч класстын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылат жана өлкөнүн мектептеринин 75% камтыйт.

Жергиликтүү төрт тилде жазылган китептердин электрондук нускалары, анын ичинде жаңдоо тилине которулган 40 китеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана эл аралык Bloom санарип китепканасында жеткиликтүү.

АКШ ӨКМӨТҮ МЕКТЕПТЕРГЕ ДЭЭРЛИК 1,8 МИЛЛИОН ЖАҢЫ КИТЕПТЕРДИ БЕЛЕККЕ БЕРДИ

Бөлүшүү

Комментарийлер