АКСАКАЛДАР СОТУ: ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, АКТУАЛДУУЛУГУ, ТУРУКТУУЛУГУ

  • 13.04.2023
  • 0

 «Роза Отунбаеванын демилгеси»  эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыктарынын бет ачарын өткөрдү. Бет ачарга (презентацияга) мамлекеттик органдардын, сот органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле  илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү да катышты.

АКСАКАЛДАР СОТУ: ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, АКТУАЛДУУЛУГУ, ТУРУКТУУЛУГУ

Иш-чаранын башталышында КР Президентинин Админитсрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Бекбосун Апсатаров, КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жана USAID «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон сөз сүйлөп, бул изилдөөнүн актуалдуулугун жана маанисин белгилеп өтүштү.

АКСАКАЛДАР СОТУ: ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, АКТУАЛДУУЛУГУ, ТУРУКТУУЛУГУ

— Изилдөө аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнө жана учурдагы абалына, алардын иштерди кароо тажрыйбасына жана өлкөнүн улуттук жана жергиликтүү деңгээлдериндеги негизги кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүсүнө баа берүүгө багытталган. Изилдөө отчётунда аксакалдар сотторунун портретине сыпаттамалар, алардын ишмердүүлүгүнүн айрым мыйзам ченемдүүлүктөрү, институттун актуалдуулугу, натыйжалуулугу, туруктуулугу, башка мамлекеттик органдар жана коомдук институттар менен кызматташуусу, ошондой эле бүгүнкү күндөгү гендердик-зомбулук көйгөйлөрү камтылган. Алынган жыйынтыктар аксакалдар сотторунун институтун мындан ары чыңдоо жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, алардын ишин жакшыртуу боюнча мындан аркы иш-чаралар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн колдонулат, — дейт «Роза Отунбаеванын демилгеси»  эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева.

АКСАКАЛДАР СОТУ: ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, АКТУАЛДУУЛУГУ, ТУРУКТУУЛУГУ

Маалыматка ылайык, иликтөө 2022-жылдын июль – ноябрь айларынын аралыгында республиканын 11 аймагында, анын ичинде жети аймакта, республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн алкагында республиканын жети аймагындагы 14 аксакалдар соту текшерүүгө алынган. Изилдөөгө 369 респондент катышса, алардын 203ү (55%) эркектер жана 166сы (45%) аялдар.

АКСАКАЛДАР СОТУ: ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, АКТУАЛДУУЛУГУ, ТУРУКТУУЛУГУ

— Аксакалдар сотторунун статусунун белгисиздиги, укуктук карама-каршылыктар жана активдүү аксакалдар сотторунун саны жөнүндө так маалыматтын жоктугу, гендердик зомбулук маселелерин чечүүдө анын компетенттүүлүгү жана ролу жөнүндө пикир келишпестиктер, аялдардын өкүлчүлүгүнүн аздыгы изилдөөгө себеп болгон. ЖӨБ органдарынын берген маалыматы боюнча, учурда республикада 541 аксакалдар соту болсо, анын мүчөлөрүнүн жалпы саны 3282 адамды түзөт, анын ичинен 2764 (84%) эркектер жана 518 (16%) аялдар) аялдар. АС мүчөлөрүнүн эң көп саны 61 жаштан 70 жашка чейинки курактагылар, булар жалпы санынын 47%ын түзөт. Бул тенденция эркектерге (47%) жана аялдарга (45%) туура келет. ЖӨБ органдарынын маалыматы боюнча, өлкө боюнча АС мүчөлөрүнүн 35%ы жогорку билимдүү, 23%ы орто кесиптик жана 42%ы орто билимге ээ. Изилдөөнүн толук жыйынтыгы менен таанышып, отчёттун  шилтемеси        https://roza.kg/ky/initiative/democratic-governance/43 аркылуу биздин сайттан жүктөп алсаңыздар болот, — дейт Д.Кендирбаева.

АКСАКАЛДАР СОТУ: ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, АКТУАЛДУУЛУГУ, ТУРУКТУУЛУГУ

Айтмакчы, изилдөө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ эксперттери тарабынан USAIDдин колдоосунда «Ист-Вест Менеджмент Институту» (EWMI)  тарабынан ишке ашырылып жаткан «Укук булагы» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

АКСАКАЛДАР СОТУ: ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, АКТУАЛДУУЛУГУ, ТУРУКТУУЛУГУ

Маалыматта белгиленгендей, USAIDдин «Укук булагы» долбоору сот тутумунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, гендердик-зомбулукка жана адамдарга багытталган сот адилеттигин илгерилетүү жана жемкорлукту (коррупцияны) азайтуу аркылуу жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер