АККРЕДИТАЦИЯЛООНУ БАШКАРУУНУН АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА ЭКСПЕРТТЕР ҮЧҮН СЕМИНАР

  • 25.11.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү программаларын жана уюмдарын Аккредитациянын автоматташтырылган системасы https://asula.edu.gov.kg/. аркылуу аккредитациялоодо эксперттердин потенциалын жогорулатуу максатында окутуу семинарын өткөрөт.АККРЕДИТАЦИЯЛООНУ БАШКАРУУНУН АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА ЭКСПЕРТТЕР ҮЧҮН СЕМИНАР

Семинар 2022-жылдын 8-9-декабрында Бишкек шаарында өтөт.

Семинарга катышуу үчүн 2022-жылдын  2-декабрына чейин [email protected] электрондук дарегине мамлекеттик же расмий тилде жазылган арыз жөнөтүү керек.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

  • паспорттун көчүрмөсү;
  • жогорку кесиптик билими тууралуу документ;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • резюме.
  • кепилдик кат (ноутбук же компьютер менен камсыз экендиги тууралуу,  Word, exzel, pdf, internet explorer ж.б. программаларында иштөөнү билүүсү)

Семинардын катышуучуларына төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:

  1. Жогорку кесиптик билиминин болушу.
  2. Мектептин директору же директордун орун басары болуп 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу.
  3. Зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
  4. Жалпы билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актыларды билүү.
  5. Жогорку деңгээлдеги  компьютердик сабаттуулук жана башка техника менен иштей билүү, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу.
  6. Эмгек мыйзамдарынын негиздерин билүү.
  7. Ички эмгек тартибинин эрежелери, коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо, өрткө каршы коргоо эрежелерин билүү.
  8. Жеке компьютер же ноутбук менен камсыз болушу.
  9. Электрондук санарип  кол тамгасынын болушу.

Эскертүү: Документтерди тандоо боюнча жумушчу комиссия 2022-жылдын 35декабрында иш алып барат. Документтерди өз убагында бербөө, аларды толук көлөмдө тапшырбоо же тариздөө эрежелерин бузган талапкерлерге семинарга катышуу укугу берилбейт.

Семинарга катышууга кеткен чыгымдарды (жол кире, иш сапар менен байланышкан чыгымдар, тамактануу) катышуучулар өздөрү каржылайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер