АККРЕДИТАЦИЯ ЖЫЙЫНТЫГЫ: САПАТ ҮЧҮН КҮРӨШКӨН МЫКТЫ МЕКТЕПТЕР

  • 18.01.2018
  • 0

Республикадагы орто мектептердин билим сапатына баа берүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги өткөрүп жаткан аккредитацияда Бишкек шаары боюнча эң көп упай топтогон мектептер аныкталды. Бул текшерүүдөн  борбор калаадагы 95 мектептин 62 өткөн. Окутуу бир тилде жүргүзүлгөн мектептерден алтымыштан окуучу, окутуу эки тилде жүргүзүлгөн мектептерден 120дан окуучу үч предметтен:  математика, эне тили жана үчүнчү предметти мектеп өзү тандаган сабак боюнча тестирлөөдөн өткөрүлгөн. Натыйжада лицей-гимназиялардын ичинен №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи эң жогорку балл (90-71%) топтогон. Бул мектеп физиканы тандаган. Андан кийинки жогорку көрсөткүчтү (86-61%)  №24 мектеп-гимназиясы берсе (тандаган сабагы — англис тили), окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин ичинен №78 мектеп эң жогорку көрсөткүчтү берди (78-41%, тандаган сабагы — тарых). №1 жатак мектеп-гимназиясынын (74-34%, тандаган сабагы — география) окуучулары дагы билим сапатынын жогорку деңгээлде экендигин тастыктай алышты. Окутуу эки тилде жүргүзүлгөн мектептердин ичинен №49 мектеп алдыга чыкса (64-40%, тандаган сабагы — орус жана кыргыз тили), №95 мектептин көрсөткүчү дагы (63-36%, тандаган сабагы – англис тили) жаман эмес. Жөнөкөй мектептерден №15 мектеп (81-68%, тандаган сабагы — кыргыз тили), андан кийин №56 мектеп (78-48%, тандаган сабагы — тарых) билим сапатынын эң жогорку деңгээлде экендигин тастыктай алды.    

 

АККРЕДИТАЦИЯ ЖЫЙЫНТЫГЫ: САПАТ ҮЧҮН КҮРӨШКӨН МЫКТЫ МЕКТЕПТЕР

Ийгиликтин сырлары 

Албетте, ар бир мектептин мындай ийгиликке жетишкендигинин сырлары бар. Мисалы, №61 мектеп физика-математика багытында тереңдетип окутса, №24 мектеп  өз ишин эки багытта алып барат: гуманитардык багыт: кыргыз тили, орус тили, англис тили, тарых; табигый-илимий багыт: математика, физика, химия, биология предметтерин тереңдетип окутат. Бул предметтер 1-11-класстарда атайын бөлүнгөн класстарда өтүлөт. Кошумча чет тилдерин үйрөтүү да унутта калган эмес. 5-11-класстардын окуучуларынын  каалоосу менен  кытай тили, француз тили, немец тили сабактары өткөрүлөт. Предметтен тышкары окуучулардын шыгын, жөндөмүн, чыгармачылыгын өстүрүү максатында да ар кандай көптөгөн маданий ийримдер иштейт.

  • Биздин Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиянын аккредитациядан өтүп, жыйынтыгында шаардагы мектептердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү бергендиги мектеп жамааты үчүн чоң кубаныч болду. Бул мектептин өзүнүн басып өткөн жолу, карт тарыхы бар… Мектеп ачылгандан тарта шаардагы эң алдыңкы мектептердин катарынан түшө элек. Арадан канчалаган жыл, мезгил өтсө да мектеп жамааты мына ушул эл арасында айтылган жакшы ойду сактап калууга болгон аракетин жасап келет. Мындай жакшы ийгиликке жетүү мектебибиздеги жогорку билимдүү, чыныгы кесипкөй, иш билги, тажрыйбасы мол, дасыккан, мектептин иш планын, алдына койгон, максат, милдетин так аткарып, өзүнүн ишине өтө жоопкерчиликтүү, кылдат, ошондой эле окуучуларыбызга дифференциалдык мамиле кылуу менен жетишти десек жаңылышпайм, — дейт мектеп директору Анара Абдураимова.

№24 мектеп-гимназиянын окуу планы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектеп-гимназиялардын Базистик окуу планына ылайык, мындан тышкары предметтерди тереңдетип окутуу компоненти жана окуучулардын негизги компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, окуучулардын жана ата-энелердин муктаждыгынын, кызыкчылыгынын негизинде түзүлгөн жана окуучунун жекече өсүүсү үчүн ишке ашырат. Бул мектептин ишкердигинин өзгөчөлүгүн чагылдырат. Гимназиялык билим берүүнүн бирдиктүү моделин ишке ашырууда окуу планына төмөнкү бөлүктөр киргизилген: “тереңдетип окутуу үчүн тандоо предмети”, булардын мазмуну окуучулардын билимин  тереңдетүүгө жана кенейтүүгө багытталган, ошондой эле “мектеп компоненти” — окуучулардын билим берүүдөгү кызыкчылыгын жана муктаждыгын эске алуу менен жиктелген окууга багытталган. Окуучуларга татыктуу таалим-тарбия  берүү үчүн  мектепте замандын талабына ылайык келген шарттар түзүлүп келет. Бул окуучулардын жана мугалимдердин жигердүү ишмердигине чоң өбөлгө түзөт. Мындан тышкары мугалимдер   жыл сайын кайра даярдоо курсунан өзүнүн квалификациясын жогорулатып турушат. Кээ бир мугалимдер кайсыл бир предмет боюнча долбоорлордун негизинде чет өлкөлөрдөн курстардан окуп келишүүдө. Жакында эле мектептин ондон ашуун мугалими Россиянын мектептеринен тажрыйба топтоп, кесиптик чеберчилигин жогорулатып келишти. Республикада өткөн ар кандай кароо-сынактарга, чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн ар кандай көз карандысыз сынактарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келишет. Тажрыйба алмашуу иретинде чет өлкөгө да барып келип жатышат. Мугалимдердин бул жаатта топтогон тажрыйбалары окуучуларга сапаттуу, терең билим берүүдө,  окуучуларга дифференциалдык мамиле жасоо менен өз ишин алып баруусунда чоң роль ойнойт.

2017-жылы мектеп гимназия менен УИЯУ МИФИ (Москва шаары) жана Казан Федералдык Университетинин ортосунда кызматташуу үчүн келишим түзүлүп, азыркы учурда окуучуларыбыз билим алууда. Ошондой эле Кыргыз-Славян университети,«Алтын Түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы менен кызматташууну улантып келет.

  • Ушундай иштердин үзүрүн, мугалимдерибиздин, окуучуларыбыздын ийгиликтерин ар кандай иш-чаралардан: предмет боюнча болобу, чыгармачылык же спорт боюнча болобу,  шаардык, райондук, республикалык олимпиадалардан, ал тургай эл аралык олимпиадалардан, өлкөбүздө өткөн кароо-сынак жана эл аралык көз карандысыз кароо-сынактан,  чет өлкөлөрдө өткөн спорт мелдешинен 1-2-3-орундарды багынтканы, ЖРТтан “Алтын сертификат” алышы,  мектепти бүткүндөн кийин окуучуларыбыздын 99% Кыргызстандын  ЖОЖдоруна жана чет өлкөлүк ЖОЖго өтүшү  окуучуларыбыздын билим деңгээли жогору экендигин жана  мугалимдерибиздин заман талыбына ылайык билгичтик менен иш алып бараарын дагы бир жолу айгинелеп турат, — дейт жетекчи.

«Адамды адептүүлүккө тарбиялабай туруп жөн гана билимге сугаруу, коомго эң коркунучтуу бирөөнү кошуу менен барабар” дегендей, окуу-тарбия ишинде да окуучуларга билим гана бербестен, тарбия берүү да эң башкы максаттардын бири катары эсептелет. Бул мектепте окуучуларга таалим-тарбия, руханий азык боло турган ар кыл темадагы тарбиялык мааниси чоң класстык сааттар жана маданий  иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат. Тарбиялык иштерди жана окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн иш алып барууда, класс жетекчилердин дагы эмгеги зор. Андыктан мектептин эмгек жамааты мындан ары да окуучуларга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүгө болгон күчүн жумшай беребиз дешет.

АККРЕДИТАЦИЯ ЖЫЙЫНТЫГЫ: САПАТ ҮЧҮН КҮРӨШКӨН МЫКТЫ МЕКТЕПТЕР

Билим деңгээлин баалоо жолго коюлган

Мектепте жаш мугалимдердин клубу ачылып, устат мугалимдер жаш агартуучулар менен тыгыз иштешип, инновациялык технологиялар менен сабак өтүүнүн жолдорун үйрөтүшүп, түрдүү сынактарга даярдашат. Клуб  Казань Федералдык университети менен тыгыз кызматташат.

Мектептеги мугалимдердин бардыгынын өзүнүн предмети боюнча кружокторду бар. Андан сырткары мектепте он-лайн олимпиадаларга катышуу дагы мыкты өнүккөн. Инфосабак, мега талант, билим,  videouroki олимпиадаларына катышып турушат. Бул олимпиадага ар бир окуучу өз каалоосу менен катышат жана предметин өзү тандайт. Жыйынтыгына жараша ийгилик жараткан окуучулар сертификат, диплом жана грамоталар менен сыйланып турушат. Мектепте билим берүүнүн сапатын аныктоо үчүн атайын система түзүлгөн. Үч жылдан бери Билимди баалоо жана окутуунун усулдары борбору менен кызматташып, 3-класстан 11-класска чейинки окуучулардын бардыгы билим деңгээлин аныктоо үчүн  эки жолудан көз карандысыз тестирлөөдөн өтүшөт.  Бир жылдан бери Улуттук тест жүргүзүү борборунун тесттерин практикалоо колго алынган. Бул борбордун тесттери менен ар бир мугалим ар бир сабакта 10-15 мүнөт окуучулар менен иштейт.

Мектеп эл аралык кызматташтыгын чыңдап келет. Өткөн жылдын май айында Россиянын Улуттук ядерлик иликтөө институту менен кызматташуу боюнча кол коюлган. Математика жана физика мугалимдери кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында Москвага барып келишти. Андан сырткары “Тармактык мектеп” ачылган. Анын алкагында Москванын мугалимдери менен он-лайн сабактар өткөрүлөт.

Акыркы беш жылдан бери мектепти техникалык жактан камсыздоо бир топ жакшырды. Азыр 11 класс интерактивдүү доска, беш кабинет проектор, экран менен камсыздалган. Төрт кабинетте интернетке кошулган төрт заманбап телевизор бар. Мектеп үзгүлтүксүз интернет менен камсыздалган. Аны мугалимдер дагы, окуучулар дагы каалашынча пайдалана алышат.

Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер