АККРЕДИТАЦИЯ: СТУДЕНТТЕР БАШКА ОКУУ ЖАЙЛАРГА КОТОРУЛАТ
- 06.08.2026
- 0
Кыргызстанда мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калган медициналык жогорку жана орто окуу жайлардын студенттерин башка окуу жайларга которуу башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, которулууга тийиш болгон студенттер 10-августка чейин арыз жана керектүү документтерин тапшырышы керек. Документтер каралгандан кийин студенттерди кабыл алуу боюнча акыркы чечимди аккредитациядан өткөн окуу жай кабыл алат.
Министрлик студенттерди которуу толук акысыз жүргүзүлөрүн жана бул үчүн эч кандай төлөм алынбай турганын билдирди.
Комиссиянын чечими менен мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн окуу жайлардын студенттери адистигине жараша Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына, Ош мамлекеттик университетине, Эл аралык медицина жогорку мектебине, Эл аралык Кыргызстан университетине жана башка аккредитацияланган окуу жайларга которулат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда медицина багыты боюнча адис даярдаган 13 жогорку окуу жай мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калгандыктан, студенттерди окутуу укугун жоготкон.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер