ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАРЛЫГЫ: 500 МЕКТЕПТЕ ШАХМАТ ИЙРИМИ АЧЫЛАТ

  • 06.08.2026
  • 0

ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАРЛЫГЫ: 500 МЕКТЕПТЕ ШАХМАТ ИЙРИМИ АЧЫЛАТӨлкө боюнча 500 мектепте шахмат ийримдери иштей баштайт. Тандоо критерийлери кандай болду? Мугалимдерди ким даярдайт жана керектүү шаймандар менен ким камсыздайт? Бул суроолорго Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков жооп берет.

Министрлик иштеп чыккан шахматты өнүктүрүү боюнча демилгени Президент колдоп, №196 жарлык кабыл алынды. Анын алкагында 2026–2027-окуу жылында 3–5-класстын окуучулары үчүн шахмат сабактары пилоттук режимде киргизилүүдө. Долбоордун сыноо мөөнөтү — бир жыл.

Пилоттук долбоорго өлкөнүн эки ири шаарынан жана жети облусунан окуучуларынын саны 1000ден ашкан 500 мектеп тандалып алынды.

Ийримдерди даярдыгы бар адистер өтөт. Негизги талаптар:

  • Шахмат ойноо көндүмү жана тажрыйбасынын болушу;
  • Педагогикалык адистикке ээ болушу.

Тандалган 500 мугалимдин квалификациясын жогорулатуу милдети Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институтуна жүктөлүп, учурда даярдык иштери жүрүүдө.

  • Программа: 3–5-класстар үчүн үч деңгээлден турган атайын окуу программасы даярдалды. Окуучулар ийримге өз каалоосу менен катыша алышат.
  • Жабдуулар жана айлык: 500 мектепти тең шахмат шаймандары менен камсыздоо жана мугалимдерге эмгек акы төлөө толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Пилоттук долбоор аяктаган соң (10 айдан кийин) калыс мониторинг жүргүзүлөт. Дүйнөлүк практикага шайкеш келген баалоонун жыйынтыгы менен шахмат ийримдерин өлкөнүн калган мектептерине да жайылтуу маселеси чечилмекчи.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер