СҮЛҮКТҮ: ӨЗГӨЧӨ МУКТАЖДЫГЫ БАР БАЛДАР ҮЧҮН БОРБОР АЧЫЛДЫ
- 06.08.2026
- 0
Сүлүктү шаарында өзгөчө муктаждыгы бар балдарды өнүктүрүүгө багытталган «Этно Плюс» реабилитациялык борбору ишин баштады.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы ачылган борбордо логопед жана дефектологдун кызматы, ABA-терапия, логомассаж, сенсордук интеграция, дарылоочу дене тарбиясы жана мектепке даярдоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Аталган кызматтар 2 жаштан жогорку балдар үчүн толук жеткиликтүү.
Бул маанилүү долбоор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн катышуусу менен ишке ашырылды. Борбордун негизги максаты – өзгөчө муктаждыгы бар балдардын ар тараптан өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
А.К., «КБ»
Бөлүшүү



Комментарийлер