КЫРГЫЗ ЭКСПЕРТТЕРИ АДАМ УКУКТАРЫН ОКУТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН БӨЛҮШҮШТҮ
- 06.08.2026
- 0
Кыргыз билим берүү академиясынын жана Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун өкүлдөрү Кишинев шаарында 31-июлдан 3-августка чейин өткөн «Чек арасыз адам укуктары боюнча билим берүү: педагогикалык тажрыйба алмашуу (Молдова, Кыргызстан жана Казакстан)» аттуу адам укуктары боюнча билим берүү Жайкы мектебине катышышты. Бул эл аралык иш-чара үч өлкөнүн эксперттерин, педагогдорун жана билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрүн бириктирип, практикалык тажрыйба алмашуу, мектептер, университеттер жана эксперттик уюмдар ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө, ошондой эле адам укуктарын окутуунун алдыңкы тажрыйбаларын формалдык билим берүүгө киргизүү максатын көздөдү.
Кыргызстандан бул форумга эксперттер Касмалиева Ажара жана Азимова Матлюба катышты. Жайкы мектептин программасынын алкагында КББАнын жана ПККЖжКДРИнин өкүлдөрү «Формалдык билим берүүгө адам укуктарын окутууну киргизүүнүн аймактык мамилеси» аттуу дискуссиялык панелде сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын төмөнкү багыттар боюнча ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү:
- «Адам жана коом» курсу боюнча предметтик стандартты иштеп чыгуу.
- «Адам жана коом» предмети боюнча мугалимдер үчүн окуу-методикалык комплексти (ОМК) түзүү.
- 7–8-класстардын окуу китептерине жана окуу материалдарына адам укуктарынын тематикасын тутумдуу интеграциялоо.
КББАнын жана ПККЖжКДРИнин өкүлдөрүнүн бул эл аралык Жайкы мектепке катышуусу Кыргызстандын мектеп билим берүүсүн модернизациялоо жаатындагы жетишкендиктерин көрсөтүүгө гана эмес, ошондой эле мындан аркы аймактык кызматташтык үчүн жаңы кесиптик байланыштарды түзүүгө шарт түздү.
А.К., «КБ»
Комментарийлер