АКИМ КАТЫШКАН БИЛИМ КҮНҮ

  • 15.09.2021
  • 0

Кант шаарындагы №2 Какиш Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясындагы Билим күнү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нуралы Курмантаевдин катышуусунда өттү. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнн башчысы Болот Иманалиев билдирди.

— Жаңы окуу жылында кагылган коңгуроого райондун акими Нуралы Курмантаев катышып, быйыл жаңы мектеп босогосун аттап жаткан бөбөктөрүбүздү жана жалпы эле мектеп окуучуларын Билим күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди. Андан соң мектептин 11-классында өткөн “Мекенибиз Кыргызстан эгемендүүлүк жолунда” деген аталыштагы ачык сабакка катышып, окуучулар менен пикир алышты.

Мен да ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ысык-Ата районунун мектептеринин мугалимдер жамааттарын, окуучуларын жаңы башталган окуу жылы менен куттуктап кетким келет. Жалпы элге калаарым – аманчылык, былтыркыдай оору-илдеттен алыс болуп, окууда жана иштерибизде ийгиликтер жылоолой берсин, — деди Болот Иманалиев.

АКИМ КАТЫШКАН БИЛИМ КҮНҮ

2021-2022-окуу жылында Ысык-Ата районунда жалпы район боюнча 3592 бала 1-класстын босогосун аттады.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер