АКАРЫК АЙЫЛЫНДАГЫ №31 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

  • 25.06.2018
  • 0

Акарык айылындагы №31-кесиптик лицей жаңы 2018-2019-окуу жылына окуучуларды кабыл алууну жарыялайт.

АКАРЫК АЙЫЛЫНДАГЫ №31 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

Окуу жай  беш  багыттагы  18 кесиптин  ээлерин  даярдайт.

9-класстын базасындагы адистиктер:

       Айыл  чарба  өндүрүшүнүн  устаты  (Фермер)

Квалификациясы:

  • А, В, Г категориясындагы тракторист -машинист.
  • С  категориясындагы  автоунаа айдоочу.
  • IIIII разряддагы электргаз менен ширетүүчү.

Чарбак ээси

                                                  Квалификациясы:

  • II- III разряддагы тигүүчү.
  • III разряддагы ашпозчу.
  • Картошка, жашылча, жемиштерди жана мөмөлөрдү сактоо жана кайра иштетүү боюнча оператор.

Окуу мөөнөтү 3 жыл.  Сабактарынан  «5» деген баага   окуган окуучуларга 300 сом, «4,5» деген баага 250 сом, «4»деген баага 200 өлчөмдө стипендия  төлөнөт. Алыстан  келип  окуган  окуучулар  акысыз  жатакана  жана  үч  маал  ысык  тамак  менен  камсыз  кылынат.

Окууну  ийгиликтүү аяктаганда  кесибин  күбөлөндүргөн д и п л о м  жана  орто  билим  тууралуу  аттестат берилет.

  • Электр  жабдууларын  тейлөө  жана  оңдоо боюнча электромонтёр,   С1   категориясындагы  автоунаа  айдоочу.
  •  II-ІІІ разряддагы электр  жабдууларын   тейлөө жана   оңдоо боюнча электромонтёр. 
  •  Мал-чарбасынын устаты, кичи ветеринардык фельдшер,   С1   категориясындагы  автоунаа  айдоочу.
  • Кичи ветеринардык фельдшер

Окуу  мөөнөтү  10 ай.                                            

Окууну ийгиликтүү аяктаганда кесибин күбөлөндүргөн диплом жана айдоочулук күбөлүк берилет.

Окууга тапшыруу үчүн төмөнкүдөй документтер талап  кылынат:

  • Директордун наамына жазылган арыз
  • Билим тууралуу документ (күбөлүк же аттестат)
  • 0-86-У формасындагы медициналык справка
  • 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт
  • Жашаган жеринен справка
  • Өмүр баян
  • Файл

     Урматтуу бүтүрүүчүлөр жана заманга   ылайык кесипке ээ  болууну каалагандар !

    Биздин окуу жайга келип окугула, кесипке ээ болгула!

                       Кабыл алуу комиссиясы

Лейлек району  Акарык  айылы   Ленин  көчөсү —  24

Сурап билүү телефондор: 03656-6-03-49,0772703766

0772423439,  0776 311131

Бөлүшүү

Комментарийлер