АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 02.05.2020
  • 0

ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин демилгеси менен Кыргызстандын 25 жогорку окуу жайынын  ортосунда «Өнөктөш ЖОЖдор ортосунда кызматташуунун жаңы горизонттору: ички мобилдүүлүктүн артыкчылыктары жана көйгөйлөрү» аттуу онлайн видеоконференция өттү.

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жыйында модераторлук кылган Абдыганы Осмонович ОшМУнун мисалында даярдалган «Академиялык мобилдүүлүк: көйгөйлөр жана аларды чечүүгө карата сунуштар» аталышындагы докладын презентациялап, мобилдүүлүктүн көйгөйлөрүнө жана аларды чечүүгө карата сунуштарын айтты. Андан соң академиялык мобилдүүлүк боюнча ийгиликтер, көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча маселелер талкууланып, тажрыйбалар ортого салынды. Айтылган сунуштардын негизинде резолюция кабыл алынды.

Жыйындын толук видео материалы төмөнкү шилтемеде: https://youtu.be/de6Ccfb5OzM

Бөлүшүү

Комментарийлер