«КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ»

  • 14.04.2023
  • 0

"КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ"

11-апрелде А.Осмонов атындагы улуттук китепканада өлкөбүздүн агартуу тармагына алды кылымга жакын, арты алтымыш жылдан ашык ак эмгек өтөп келаткан үч бараандуу басылма – “Эл агартуу” журналынын 95, “Кут Билим” гезитинин 70 жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды.

Анын салтанаттуу ачылышына КР Президентинин кеңешчиси А.Койчиев, Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев, экс-министр И.Болжурова, академик Б.Мурзубраимов, БГУнун ректору А.Мусаев, КУУнун ректору Т.Абдрахманов, КР Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары К.Раматов ж.б. көптөгөн агартуу тармагынын өкүлдөрү, күйөрмандары келип, чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун айтышты.

Президентинин кеңешчиси А.Койчиев “Кут Билимдин” билим берүүдөгү өзгөчө ордун баса белгилеп, аны академияга айландыруу сунушун айтты.

— Бул — Ала-Тоо элинде болуп жаткан чоң тарыхый окуя. Кыргыз мамлекеттүүлүгү түптөлө баштаган оош-кыйыштуу өткөн кылымдын башында билим берүүгө чоң орун берилген экен. Көчмөн кыргыз эли отурукташуу процессин жаңыдан башынан кечирип жаткан шартта Эшеналы Арабаев, Касым Тыныстанов өз каражатына алгачкы журналды чыгарышканы буга айкын далил.

"КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ"

70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан “Мугалимдер газетасы”,  азыркы “Кут Билим” гезитинин да орду өзүнчө. Кыргыздын мекенчил уулу Исхак Раззаков башында өзү турган ошол жараянды ушул күнгө чейин улантып келаткан кесиптештерибизге баа беребиз. Айрыкча 30 жылга чукул гезиттин баш редакторлук кызматын аркалаган Кубат
Чекиров билим берүү тармагына өзүнүн берилгендигин, лоялдуулугун көрсөтүп келатат. “Кут Билим” гезитин академияга айландыруу мезгили келди окшойт. Учурда билим берүү тармагына өзгөчө орун берилип жатат. Жакын арада чукул өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Андыктан бул басылмалардын аткара турган жооптуу иштери алдыда деп ойлойм, — деди Президенттин кеңешчиси.

"КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ"

Президенттин кеңешчиси белгилеп өткөндөй, “Кут Билим” агартуу тармагында академияга тете кызмат өтөп келатканы талашсыз чындык. Айрыкча аны кадрларды даярдоо устаканасы десек жарашчудай. Кубан Абдымен, Талант Конокбаев, Алмаз Кулматов, Арслан Койчиев сыяктуу саясатта өз орду, үнү бар белгилүү коомдук ишмерлер ушул гезитте иштеп, тажрыйба артып чыккан. Жакында эле “Кут Билимге” баш редактор болгон Майрамбек Токторов, “Тил жана маданият” гезитинин баш редактору Элвира Какиева, “Эл агартуу” журналынын баш редактору ф.и.к. Чолпон Кийизбаева — дал ушул “Кут Билимдин” куттуу билим казынасында кайнаган, такшалган Кубат Чекировдун кадрлары.

Адатта басылмаларда өкүм сүргөн атаандаштыктан алыс, бийиктикте бири-бирин толуктап келаткан үч басылманын бир туугандык жакындыгын айткан Каныбек Иманалиев бүгүнкү иш-чара кылымга тете майрам экендигин баса белгилеп өттү.

— “Акыркы бир кылымда Кыргызстандагы мугалим, директор, окумуштуу, ректор, академик, Кыргыз эл жазуучусу, эл акыны, драматург жана башкалардын бүт өмүрү ушул үч басылма менен байланышкан. Аталган үч басылмасыз кыргыз интеллигенциясынын асыл муунун элестетүү мүмкүн эмес. Бул басылмалар – кыргыз интеллигенциясынын энциклопедиясы” – деди министр куттуктоо сөзүндө.

Билим берүү жана илим министрлигин эки жолу жетектеген экс-министр Ишенгүл Болжурова өз сөзүндө жогорудагы үч басылманын коомчулукта орду өзгөчө экендигин белгилеп, мугалимдерди гезит-журналдарга активдүү жазылууга чакырып өттү. “Мугалимдер газетасы” бир мезгилде 80 миң нуска менен жарык көрүп келгенин азыр айтсак, жомоктогудай сезилет. Учурда 83 миңге чукул мугалими бар өлкөбүздөгү ар бир мектеп, ар бир онунчу мугалим, өзүнө арналган гезит-журналга жазылса, өздөрүнө да, басылмаларга да эң жакшы жардам болмок. Андыктан мен жалпы эле мугалим журтчулугун активдүү болууга, жеке эле окуп тим болбой, өз ишиңерде пайдаланып, ой-сунушуңарды гезит-журналга жазып, кайтарым байланыш түзгүлө деп кайрылып кетким келет”.

"КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ"

Удаа келген үч даңазалуу дата ээлеринин эң аксакалы “Ардак белгиси” ордендүү “Эл агартуу” илимий-педагогикалык жана методикалык журналынын алгачкы саны 1928-жылы 5-майда “Жаңы маданият жолунда” деген ат менен жарык көргөн. Кыргыз тилинде жарык көргөн туңгуч журналды кыргыздын туңгуч интеллигенттери, Касым Тыныстанов, Токчоро Жолдошев, Эшеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Төрөкул Айтматов өз чөнтөгүнөн тыйын чогултуп жарыкка чыгарганы – илим-билимге суусап турган кыргыз элине мөлтүр булак суусунан оозандыргандай көсөмдүгүн танууга болбойт.  Журналдын алгачкы жооптуу редактору К.Тыныстанов, анын автордук курамы ошол кездеги кыргыздын алгачкы интеллигенциясы, мугалимдик курстардын окутуучулары жана жогорку курстардын угуучулары болгон. Журналдын беттеринде окутуунун ыкмалары, сунуштамалар, кыргыздын жана орус акын-жазуучуларынын чыгармалары жарык көрүп турган.

Журнал 1932-жылдан “Маданий майдан”, 1938-жылдан “Окутуучуларга жардам”, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин “Мугалимдерге жардам” деген аталышта жарык көрүп келип, 1972-жылы азыркы “Эл агартуу” деген аталышка ээ болгон.

Азыркы убакта “Эл агартуу” журналы эки айда бир жолу чыгууда. Анда сабакты окутуунун заманбап усулдарынан тартып илимий изилдөөлөргө чейинки ар кыл багыттагы материалдар жарык көрүүдө.

"КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ"

70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан “Мугалимдер газетасы”, азыркы “Кут Билим” 1953-жылы негизделип, биринчи саны 7-апрелде жарык көргөн. Ошол тарыхый мааниси чоң окуянын башында кыргыздын мекенчил уулу Исхак Раззаков өзү турган. Гезиттин алгачкы редактору окумуштуу педагог Дүйшө Айтмамбетов болгон. Андан соң партиялык кызматкер Дүйшөке Орозалиев бир топ жыл жетектеген. 1971-жылдан 1989-жылга чейин КР Эл жазуучусу, КР эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавлянов башкы редактор болгон. Алардын ишин кийин Абдыжапар Эгембердиев, Талант Конокбаев, Кубатбек Чекиров сыяктуу жогорку кесипкөй журналисттер татыктуу улантып келди.

Элибиз эгемендик алган жаңы доор келгенде, 1993-жылы “Мугалимдер газетасы” улуу даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын дүйнөгө белгилүү чыгармасына уйкаш “Кут Билим” деген атка көчтү. “Кут Билим” Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик саясаттын эң башкы жарчысы жана бүткүл мугалимдердин кесиптик кеңешчиси, коомдук трибунасы катары белгилүү.

Ал эми 65 жылдан бери үзгүлтүксүз жарык көрүп келаткан “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” илимий-методикалык журналына профессор Лев Шейман узак жылдар редакторлук кылган.

Ал бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй КМШ аймагындагы орус тилин окуткан педагогдордун алдыңкы иш тажрыйбасын пропаганда кылып, эң жаңы окуу лингводидактикалык, адабий дидактикалык жана агартуучулук материалдарды орус тил жана адабиятын окуткан мугалимдерге жеткирип, оперативдүү методикалык жардам көрсөтүп келаткан илимий-методикалык эле эмес, академиялык жана предметтик-методикалык басылма болуп саналат. Журналды 2018-жылдан бери ф.и.д. Гүлжигит Соронкулов жетектеп келет.

Салтанатта КР Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Курманбек Раматов жогорудагы үч басылманын алдыңкы калемгерлерине “Мыкты журналист” төш белгисин жана Ардак грамотасын тапшырды.

"КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ"

Улуттук китепканадагы көргөзмө педагогикалык басылмалардын мааракесине арналган иш-чаралардын эң алгачкысы. Жыл соңуна чейин бардык билим берүү мекемелеринде педагогикалык басылмалардын тарыхы менен ишмердигине арналган тематикалык бурчтар уюштурулуп, чыгармачылык жолугушуулар, конференциялар өткөрүлмөкчү.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер