АКАДЕМИК МУХАММАДЖАН МАМАСАИДОВДУН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

  • 15.04.2024
  • 0

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Академик Мухаммаджан Мамасаидовдун 75 жылдыгына арналып “Санарип доорундагы фундаменталдык илимдердин өнүгүшүндөгү актуалдуу проблемалар жана перспективалары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

АКАДЕМИК МУХАММАДЖАН МАМАСАИДОВДУН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Маарекелик иш-чарага М.Мамасаидовдун замандаштары, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү билим берүү жана илим изилдөө ишмердигин жүргүзүп жаткан жогоркуу окуу жайлардын көрүнүктүү илимпоздору, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, катышты.

АКАДЕМИК МУХАММАДЖАН МАМАСАИДОВДУН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков М.Мамасаидовдун өмүр таржымалы боюнча кыскача маалымат берсе, сыйлуу коноктор академиктин илимдеги орду, уюштуруучулук чеберчилиги тууралуу кеп кылышты.

Пленардык жыйында докладдар окулуп, резолюция кабыл алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер