АКАДЕМИК А.АКМАТАЛИЕВ — “ЗВЕЗДЫ СОДРУЖЕСТВА” СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ

  • 26.06.2018
  • 0

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, ф.и.д., академик Абдылдажан Акматалиев КМШ өлкөлөрүнүн Гуманитардык кызматташтык боюнча эл аралык фондунун (МФГС) мамлекеттер аралык кеңешинин чечими менен КМШ өлкөлөрү боюнча гуманитардык тармактын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн “Звезды содружества” сыйлыгынын лауреаты аталып, 10 млн. теңге менен сыйланды.

АКАДЕМИК А.АКМАТАЛИЕВ - “ЗВЕЗДЫ СОДРУЖЕСТВА” СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ

Сыйлык 19-июнда Астана шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын эл аралык 13 форумунун алкагында тапшырылды. Бул сыйлык 2009-жылдан бери КМШ мамлекеттеринин гуманитардык жактан өнүгүүсүнө зор салым кошкон илимий, маданий ж.б. ишмердүүлүгү менен ири ийгиликтерди жараткан өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө тапшырылып келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер