АК-ТИЛЕК ОРТО МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫ КОШУМЧА ИМАРАТКА ЭЭ БОЛДУ

  • 13.09.2021
  • 0

Кемин районундагы Чым-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Бообек айылынын Ак-Тилек орто мектебине кошумча имарат курулду. Анын ачылышына катышкан КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Тентишев, Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы А.Жумаев жана АРИС долбоорунун өкүлдөрү катышты.

КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев мектеп жамаатын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, мектептин окуучуларына баалуу белек — 15 компьютер жана бир принтер тапшырды. Ак-Тилек орто мектебинин директору Жаркын Сайдинованын айтымында, мектепте 168 окуучу билим алат, аларга 16 мугалим билим берет.

— Биздин мектептин пайдубалы 1956-жылы түптөлүп, эксплутацияга берилген. Ошондон бери жыл сайын косметикалык ремонттон өтүп келатканы менен, балдардын саны өскөн сайын, класстар жетишсиз боло баштаган. 2019-жылы АРИС программасына долбоор жазып, 26 млн 145 миң сомдук мына ушундай жакшынакай жаңы имараттуу болдук. Бул имарат башталгыч класстар үчүн курулду, анын ичинде заманбап жасалгаланган ашканасы, дааратканасы, бир административдик бөлмөсү бар, — деди Жаркын Бектургановна.

АК-ТИЛЕК ОРТО МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫ КОШУМЧА ИМАРАТКА ЭЭ БОЛДУ

 

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер