АК-ТАЛААДА ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАЛАРЫ АЧЫЛДЫ

  • 17.07.2019
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө жана Үгүт айылдарындагы жайлоодо үч сааттык жайлоо өнүктүрүү борбору уюштурулуп, ачылыш аземи өткөрүлдү.

АК-ТАЛААДА ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАЛАРЫ АЧЫЛДЫ

Маалым болгондой, Үгүт айылындагы «Айдос» бала бакчасынын жайлоо бала бакчасы алыскы Арпа жайлоосунда ачылып, ага малчылар, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү күбө болушту.

Бул жайлоо бала бакчасында Амангүл Курманалиева жана Зарина Искендерова балдарга тарбия беришет. 18 орунга ылайыкталган бакчада Үгүт айылынын жана Ат-Башы районунун малчыларынын балдары тарбия алууда.

Ушундай эле жайлоо бала бакчасы Кош-Дөбө айылынын Чегинди жайлоосунда дагы ачылып, ишке берилди. Бул бала бакчага 97 бала тартылган. Анын ачылыш аземине балдар билим берүү борборунун кызматкерлери, жайыт комитети жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев катышты. Анда балдар үчүн мастер-класстар өткөрүлүп, «Жомокторго саякат» аттуу темада көргөзмө уюштурулду. Ошондой эле чакан концерттик программа тартууланды.

Мындан тышкары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев балдарга бир нече жомок китептерди тартуулады.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер