АК-СУУ АЙЫЛЫНЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ

  • 27.03.2021

Инаят Маматкулова Лейлек районуна караштуу Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштейт.

АК-СУУ АЙЫЛЫНЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ

Жакында ал Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү мектептердин ортосунда уюштурулган «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунда биринчи орунду ээледи. Эмгекчил эжейдин педагогикалык ишмердүүлүгүнө быйыл он сегиз жыл толуп олтурат. Айылдык мектепти ар дайым алга сүрөп келет. Чыгармачыл мугалим учурда 2-«а» класска татыктуу таалим-тарбия берип жатат. Жыл башында Захра Саиткулова аттуу окуучусу райондук «Сулуу жазуу» таймашында жеңүүчү деп табылды.

Тайир Аширбай, Лейлек району

 

 

Бөлүшүү