«АК-ШООЛА» БАЛДАР ХОРУ ТАЛАСКА БАРАТ

  • 06.06.2018
  • 0

«АК-ШООЛА" БАЛДАР ХОРУ ТАЛАСКА БАРАТ

2018-жылдын 11-июнунан 14-июнга чейин “Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында,  улуу жазуучу Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына карата элдик-үлгүлүү “Ак Шоола” театрлаштырылган  балдар хору Талас областында чыгармачылык сапарда болот.

Чыгармачылык сапарды Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору жана Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты “Ак-Шоола” элдик-үлгүлүү театрлаштырылган  балдар хору биргелешип уюштуруп жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө айтылуу балдар хорунун жаш таланттары жазуучунун балалык чагы өткөн жерге барышып, айылдаштарына жолугушуп, өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Бул программага 60 окуучу катышат жана алардын жол чыгымдары ата-энелердин эсебинен төлөнөт.

11- июнда “Ак –Шоола” Шекер, Жийде айылдарында, 12-июнда борбордон келишкен окуучулар “Манас Ордо” комплексине зыярат кылган соң, Талас шаарындагы К. Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында элге концерттик программа тартуулайт. Хордун концерттик программасы бардык жерде акысыз өткөрүлөт.

 

 

«АК-ШООЛА" БАЛДАР ХОРУ ТАЛАСКА БАРАТ

  • Бул биздин окуучуларга дүйнө жазуучусу Ч.Айтматовдун ким экендигин унутпай, улуу адамдар айылдан чыкканын билүүгө, патриоттук тарбия берүүгө өбөлгө түзөт, айылдын тургундары биздин балдардын талантына күбө болушуп, хор искусствосун жайылтууга шарт түзөт. Бул иш-чара, балдардын арасында достук мамиленин орун алышына жана аймактарда да таланттуу балдардын өсүүсүнө шарт түзөт, — дейт Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова алдыдагы сапар тууралуу.

А.Алибеков, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер