АКӨРГӨЛҮК ЖАШ ТАЛАНТ

  • 28.09.2020
  • 0

Эрлан Ашырбеков Ак-Өргөдөгү №77 орто мектебинин 4-«д»классында окуйт. Сөзгө чечен, ыр жандуу бала өткөн жылы шаар ичиндеги жаш манасчылар сынагында экинчи орунду ээледи.

АКӨРГӨЛҮК ЖАШ ТАЛАНТ

Көп өнөрдүн ээси Эрлан — учурда  классынын гана эмес, жалпы мектебинин сыймыгы.

-Бул окуучум өзү ыр жазат. Мугалимдерге дагы арнап ыр жазыптыр. Окуганын жаттап калат. Эс тутуму күчтүү. «Акын бол! Мен сага жардам берейин!» десем, «Математиканы жакшы көрөм!» деп койбодубу, -дейт класс жетекчиси Салтанат Болотбековна.

АКӨРГӨЛҮК ЖАШ ТАЛАНТ

Эс тутуму бөтөнчө бала бардык сабактардан жалаң «5» деген баага окуйт. Ал  манас айтууга, адабий китептерди окууга кызыгат экен.

-Эрлан басып, ойноп жүрүп окуйт. Текстти бир сыйра окуп эле жаттап алат. Эс тутуму бөтөнчө бала, — дейт эжейи.

АКӨРГӨЛҮК ЖАШ ТАЛАНТ

Жаш талант 23-сентябрь тил майрамында эне тил жөнүндө таасирдүү ырларды көркөм айтып, класс жетекчисин, ата-эне ордундагы  эжесин кубанычка бөлөдү.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер