АК ӨРГӨӨ КУТ БОЛСУН! НАРЫНДА 433 БАТИР ЭЭЛЕРИНЕ ТАПШЫРЫЛДЫ
- 07.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты. Ушул эле иш-чаранын жүрүшүндө онлайн режимде Кочкор районундагы МИКтин дагы бир турак жай комплекси пайдаланууга берилди. 
Мамлекет башчысы калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган курулуш иштери өлкөнүн бардык аймактарында ырааттуу жүрүп жатканын белгиледи. Салтанаттуу жыйында Нарын шаарында 216 батирлүү, ал эми Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекстери тапшырылды. Жаңы үйлөрдө балдар оюн аянтчалары, эс алуу жана спорт зоналары, унаа токтотуучу орундар өңдүү зарыл шарттардын баары каралган. 
Иш-чаранын алкагында аймактардагы кадр тартыштыгын чечүү максатында Президент 20 батирди Нарын шаарынын мэриясынын, ал эми 20 кызматтык батирди Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү чечимин кабыл алганын билдирди. Бул турак жайлар аймакка тажрыйбалуу медициналык жана башка адистерди тартуу үчүн пайдаланылмакчы. 
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы облус борборунда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү иштери уланарын кошумчалады. Жакын арада “Нарын” маданий борбору ачылып, облуста 51 кичи футбол аянтчасы, саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү 4 имарат, 2 стадион жана Нарын дарыясы аркылуу жаңы көпүрөнүн курулушу жүрүп жатканы айтылды. Ошондой эле Мамлекет башчысы келерки жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги салтанаттуу иш-чаралар Нарын шаарында өтөрүн кабарлады.
А.К., «КБ»


