АК-ОРДО КОНУШУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАН ДАГЫ БИР КИШИ КАЗА БОЛДУ
- 24.07.2023
- 0
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда орун алган жол кырсыгынын кесепетинен маршрутканын дагы бир жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Чүй облустук милициясына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, 50 жаштагы аял кырсыктын кесепетинен кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, ал күн мурун көз жумду.
Белгилей кетсек, Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда жогорку ылдамдыкта келе жаткан жүк ташуучу унаа жүргүнчү ташыган №169 маршрутканы артынан келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ондогон адам жабыркап, бирөө каза болгон.
Бөлүшүү
Комментарийлер