АК-ОРДО КОНУШУНДА ЗАМАНБАП ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛУУДА
- 06.07.2026
- 0
Борбор калаанын Ак-Ордо конушунда 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен (Мамкурулуш) билдиришти. Ведомствонун берген расмий маалыматына таянсак, учурда үч кабаттуу билим берүү мекемесинин имаратын тургузуу жумуштары ийгиликтүү уланып, негизги этаптардын бири болгон чатыр жабуу иштери кызуу жүргүзүлүүдө.
Бул заманбап мектеп өлкөдөгү билим берүү стандарттарына жана заманбап талаптарга толугу менен жооп бере тургандай пландалган. Мамкурулуштун адистери белгилегендей, окуу орду пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө (сменада) иштеп, жалпысынан 2000ге жакын окуучуну сапаттуу билим менен камсыздоого толук шарт түзөт.
Долбоордун алкагында өсүп келе жаткан жаш муундардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, окуу процессин ыңгайлуу жана натыйжалуу уюштуруу үчүн бардык зарыл болгон инфраструктуралык шарттар каралган.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер