АК-ОРДО КОНУШУНА ҮЧ КАБАТТУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП САЛЫНАТ

  • 26.03.2021
  • 0

Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунун  Тагай-Бий — Садыр аке көчөлөрүнө сметалык наркы 195 миллион 959 сомго бааланган жаңы мектеп курулушу күтүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы мектеп 750 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу болуп салынат.

Аталган билим берүү мекемесин салууга тендер жарыяланган. Тендерди мэрияга караштуу Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы уюштуруп, долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер