АК ХАЛАТЧАНДАРДЫН АЙТКАНДАРЫН АТКАРАЛЫ!

  • 11.04.2020
  • 0

Кемин райондук Балдар жана өспүрүмдөр борборунун эмгек жамааты санитардык-карантиндик постто турган кызматкерлерге ысык тамак алып барып беришип, ал-жайын сурап кайтышты.

АК ХАЛАТЧАНДАРДЫН АЙТКАНДАРЫН АТКАРАЛЫ!

Борбордун директорунун орун басары Сонун Тыналиеванын айтымында, аталган борбордун эмгек жамаатынын бул демилгеси күнү-түнү калк кызматында күзөттө тургандарга көрсөткөн моралдык колдоосу жана кыйынчылыктарды биримдикте гана биргелешип жеңебиз деген ишеними.

— Дүйнө жүзү боюнча жалпы адамзаты коронавирус тумоосуна каршы күрөшүп жаткан учурда, мындай саамалыктар аба-суудай керек деп ойлойбуз. Постто тургандар өтө жооптуу иштерди аткарышууда. Аларга биздин биринчи жардамыбыз – адистердин кеп-кеңешин так аткарып, өздүк гигиена эрежесин сактап, өзүбүздүн ден соолугубузга кылдат кам көрүү. Эң зарыл ишибиз болбосо, үйдөн чыкпай, ак халатчандардын айткандарын так аткарсак эле, бул илдеттен арылабыз,-дейт Сонун Тыналиева.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер