АК ЭМГЕК ЖЕРДЕ КАЛБАЙТ

  • 04.10.2019
  • 0

Ооба, ак эмгек жерде калбайт экен. Көп жылдык жетекчилик үзүрлүү эмгеги, агартуудагы албан ийгиликтери, окуучулардын билим сапатын жогорулатуудагы жетишкендиктери үчүн мугалимдер династиясынын дасыккан өкүлү, адамдык, педагогдук сапаттары бийик, шакирттерине үлгү болоор инсан борборубуздагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинин директору Иманалиева Динара Капашевна жакында «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамына ээ болду.

Ата керээзи баарынан ыйык

Ар бир адамдын келечек кесибин тандоосу кызык. Биздин каарманыбыз да төгүн жерден ары түйшүктүү, ары татаал мугалимдик кесипти тандабады. Айтуусунда, атасы Иманалиев Капаш  Кемин элине белгилүү чыгаан педагог болуптур.

— Атам мен үчүн кол жеткис бийик инсан. Азыр менде кандай адамдык сапаттар болсо, ошонун баарын атамдан алдым. 8-классты жалаң «беш» деген бааларга аяктаганымда, атам китеп текчесиндеги А.Убукеевдин «Жол чакырат» деген китебин алып, ичине: «Жол чакырыт, жол узун, кызым, Жолуңдан адаша көрбө, кызым» деп жазып, белекке берди. Атам өзү поэзияга, ырга жакын адам эле. Ушул ыр саптарын окуганда, атамдын жаркын элеси көз алдыма тартыла түшөт, — дейт ак эмгеги менен эл эсинде калган улуу инсандын сыймыктуу кызы.

Ата керээзин баарынан ыйык көргөн Динара Иманалиева 1962-жылы Кемин районундагы Кайыңды айылында төрөлгөн. Алгач Кайыңды айылындагы сегиз жылдык мектепте билим алып, анан 1979-жылы Тегерменти айылындагы орто мектепти аяктайт. 1986-жылы азыркы Улуттук университеттин химия факультетин ийгиликтүү бүтүрүп, эмгек жолун өзү-туулуп өскөн айылдагы А.Токомбаев атындагы орто мектептен баштайт. 1989-жылдан 1995-жылга чейин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл Туу орто мектебинде иштейт. Кийин борбор шаарыбызга келип, 2004-жылга чейин Ак-Өргөдөгү №77 орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.  Ушул мектепте ал  жетекчи катары такшалат.

— Турдуниязов Аскар агайды өзүмдүн устатым деп эсептейм. Аскар агайдан жетекчиликтин көп сырларын үйрөндүм. Устатыма ар убак ыраазымын, -дейт бир кездеги мектеп директорунун азыркы татыктуу шакирти.

Баса, биздин каарман педагогдук кесиптин миң түрлүү сырларын кесиптештеринен гана эмес, атасынан, бир туугандарынан үйрөндү. Үй-бүлөдөгү жети бир туугандын үчөөсү мугалимдик ардактуу кесипти аркалап келет.

— Бир тууган агам Иманалиев Адилет көп жыл мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенди. Учурда Кемин районундагы Аалы Токомбаев атындагы орто мектебинин директору болуп иштеп жатат. Андан кийинки агам Иманалиев Майрамбек да кесиби боюнча мугалим, ал эми иним Каныбек Иманалиевди жалпы журт жакшы билет, — дейт Динара Капашевна.

Иштемчил жамааттын иш билги жетекчиси

Алдыңкы педагог, уюштуруучу, окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Иманалиева 2004-жылы Бишкек шаарынын Ленин районундагы №84 башталгыч мектепке директор болуп дайындалат.

— Ал кезде Ак-Өргө конушунда жалгыз орто мектеп бар болчу. Элдин саны жыл сайын өсүп, 2004-жылы башталгыч мектеп ишке берилди. 2011-жылы 960 орундуу орто мектептин имараты бүтүп, жаңы мектепте иштей баштадык. 2014-жылы мектепке акын, жазуучу, гимндин автору Жалил Садыковдун ысмы берилди, -дейт заманбап мектептин директору.

Жаңы мектепке жетекчи болуунун да өзүнө жараша кыйынчылыгы бар эмеспи.   Динара Иманалиева  мугалимдерди шыгына карап тандап алды. Мында да жетекчилик туюмунун пайдасы тийди. Жамаатка “иш десе, ичкен ашын жерге кое койгон” иштерман мугалимдер чогулуптур. Бара-бара жаш, жаңыдан ачылган орто мектептин аты адегенде районго, шаарга угула баштады. Ачылганына жыл айланбай, мектеп 2012-2013-окуу жылында «Балдарга жүрөгүмдү арнаймын» аттуу шаардык сынакта «Мыкты жалпы билим берүүчү мектеп» номинациясында биринчи орунду ээлесе, жыл өтпөй ушул эле сынактын «Мыкты окуу кабинети», «Мыкты окуу короосу» номинацияларында биринчи орунга татыктуу болот. 2015-2016-окуу жылында мектеп кайрадан «Мыкты окуу кабинети» номинациясында жеңүүчү  болсо, ал эми башталгыч класстар мугалими Н.Ж. Дүйшеева «Мыкты класс жетекчи» номинациясында жеңүүчүлөрдүн сап башында келди.

Мектеп  окуучуларынын  окуудагы, өздүк-көркөм  чыгармачылыктагы, спорттогу жетишкендиктери өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

-Мектепте бий, вокал, кол эмгек, чопону кайра иштетүү, шахмат ийримдери иштейт. «Келечек» бий ансамбли 2018-жылы Түркияда балдар фестивалында «Мыкты костюм» номинациясында атайын дипломго ээ болсо, быйыл Алма-Ата шаарындагы фестивалда Гран принин жеңип алды. Жыл сайын жогорку класстын окуучулары «Биз ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз» программасына катышып, ойлоп табуучулук жагынан өз шыктарын өнүктүрүп келишет, -дейт алдыңкы мектептин жетекчиси.

Азыркы тапта мектепте 101 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 21 мугалим — «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисинин ээси. Динара Иманалиева жетекчи катары  ар бир мугалимге чыгармачылык изденүүдө, карьералык өсүштө жол көрсөтүп, багыт берип келет.

— Мектепте “жеңилимди жерден, оорумду колдон алган” мыкты жардамчыларым бар. Көп жылдардан бери чогуу иштеп келе жаткан мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Токтогазиева Айнура  — өз ишинин чыныгы устаты. Мектепте окуу-методикалык иштерди Бегалиева Калбүбү эжей жетектейт. Дүйшеева Назима — орус тилдүү класстардын, Иманкулова Нуржан – башталгыч класстардын завучу. Ал эми Зарипбеков Эсен — мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары.  Алардын баары – менин шакирттерим. Дагы бир шакиртим, мурунку тарбия завучубуз Асанова Гүланда  — учурда Ак-Ордо конушундагы №96 орто мектептин директору, — дейт  устат жетекчи.

Ата-энелердин урматтоосуна, балдарынын сыйына татыган эжей  

Үй-бүлөнү чакан мамлекет дешет. Үй-бүлөң сени түшүнүп, колдоп турса, андан өткөн бакыт барбы! Биздин каарман бул жагынан жолдуу экен. Өмүрлүк жолдошу «Учкун» басмаканасында иштейт.  Адабиятты сүйүп окуган, билим менен илимдин баркын билген адам.

— Өмүрлүк жолдошума абдан ыраазымын. Агартуучулук ишимди түшүнүп, ар убак колдоп турат.

Эки уулум бар. Улуусу Урмат – архитектор-дизайнер, кичүүсү  Нурдин Жогорку Кеңеште иштейт.

Алар да мага деген жылуу сөздөрүн аяшпайт, -дейт бактылуу эне.

Мектептин ата-энелер комитетинин төрайымы Ырысжан Челманбетованын пикиринде мектеп директору баарынан мурун өз үй-бүлөөсүндө барктуу, үлгүлүү болушу керек.

— Динара Капашевна үчүн балдардын татыктуу билим алуусу биринчи орунда турат. Өзү да өтө адамгерчиликтүү.  Мугалимге, ата-энеге, окуучуга кандай мамиле кылышты билет. Эч качан бирөөгө катуу айтпайт.  Ар бир адамга калыс, адилет мамиле кылат. Үйүндө болсо жолдошунун сүйүктүү жубайы, балдарынын кадырлуу апасы, — дейт Ырысжан Умаровна.

А.Алибеков, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер