“АК-БУУРА” ЭС АЛУУ ЖАНА РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО БОРБОРУНУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

  • 06.04.2023
  • 0

ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун курулушунун пайдубалына капсула салынды. Капсула салуу аземине окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам катышты.

“АК-БУУРА” ЭС АЛУУ ЖАНА РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО БОРБОРУНУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Борбор эки кабаттан турат.  Биринчи кабатында дарылоочу, ден соолукту калыбына келтирүүчү кааналар, эс алуучу бөлмөлөр жана экинчи  кабатында жайкы, кышкы лагерлерге ылайыкташкан заманбап  конференц залдар болот. Борбордун сыртында бассейн, кичи футбол аянтчалары, балдар ойноочу аянтча, заманбап ашкана курулат. Имараттын курулушу үч айда аяктайт .  Пайдаланууга берилсе аталган аймакта эс алуу менен биргеликте конференция, семинарларды, жыйындарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Буга чейин аталган аймакта окуу жайдын “Үмүт” эс алуу жайы жайгашкан эле.

“АК-БУУРА” ЭС АЛУУ ЖАНА РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО БОРБОРУНУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер