АЙЫЛДЫК БАЛДАРГА ЧЫНЫГЫ АТАЛЫК КАМКОРДУК
Жалпы журт сыйлаган мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы өзүнүн туулуп өскөн Кара-Тейит айылында ак тилек менен курган үйүн кенже айылдаштарына бала бакча кылып өткөрүп берди.
Бул алыскы тоо койнундагы айылдын балдары үчүн чыныгы жаңы жылдык белек жана чоң аталык камкордук болуп калды. Айылдаштары атактуу академикти ызааттап сыйлашып, «Ардактуу атуул» наамын ыйгарышты.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өзүнүн ыраазылык катында академиктин чечимин «эл-журтка күйгөн чыныгы мекенчилдик» жана «айылдык балдар үчүн чыныгы аталык камкордук» деп атады.
Бул Кара-Тейит айылынын тарыхындагы биринчи ачылган бала бакча болуп калды. Бала бакча 60 орундуу, анда балдардын ойдогудай окуп-тарбияланышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бала бакчанын ремонтуна жана керектүү эмеректерди сатып алууга Жекенди айыл аймагынын өнүктүрүү фондусунан сегиз миллион сом жумшалды.
Комментарийлер