АЙЫЛДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БӨЛҮНӨТ

  • 25.01.2019
  • 0

ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар Аксы районунда болуп, Жерге-Тал, Авлетим жана Жаӊы-Жол айылдарындагы жаӊы курулуучу социалдык мекемелер тууралуу маалымат алышты.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабековдун Жерге-Тал айылындагы эл менен болгон жолугушуусунда бала бакча маселеси курч экени айтылып, аны чечүүгө Өкмөттүн көмөгү керектиги белгиленди. Жергиликтүү бийлик жетекчисинин айтымында, айыл тургундары чогулткан жана АРИСтин көмөгү менен табылган каржынын жетишсиздигине байланыштуу, 50 орундуу бала бакчаны курууга кошумча төрт миллион сомдон ашык каражатты табуу зарылчылыгы келип чыгууда. Жогорку Кеӊештин төрагасы көтөрүлгөн көйгөй олуттуу экенин белгилеп, айыл элинин демилгесин тез арада колдоо керектигин кошумчалады. Иш сапар андан ары Авлетим айыл аймагындагы Мукур айылында уланып, Төрага Дастанбек Жумабеков №25 К.Алымкулов атындагы мектептин жаӊы курула турган имараты тууралуу маалымат алды. 225 окуучуга ылайыкташтырып, спорт залы менен салына турган мектептин курулушун ушул жылдын декабрь айында бүткөрүү мерчемделүүдө. Эскерте кетсек, мектеп имаратынын сметалык баасы 72 миллион 184 миӊ сом деп белгиленген. Төрага Дастанбек Жумабеков өлкөнүн өнүгүшү аймактардагы жетишкендиктерге көз каранды экенин билдирип, айылдардагы мектептердин абалына өзгөчө көӊүл буруу зарылчылыгына токтолду.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган сунуштарды тиешелүү Өкмөттүк мекемелер менен биргелешип чечүүгө аракет кыларын билдирип, маселени өз көзөмүнө аларын кошумчалады.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер