АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

  • 30.11.2017
  • 0

Заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата 2017-жылдын 23-ноябрында  М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети «Айтматовдун ааламы» аттуу  ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрдү. Талкууда Ч.Айтматовдун  өмүрү жана чыгармаларына анализ жүргүзүлүп, студенттер бири-бири менен пикир алышып, ой бөлүштү.

АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун “Мамлекеттик жана расмий тилдер” кафедрасынын башчысы  Н.Жапаралиеванын билдирүүсүнө караганда,        конференциянын максаты — студенттерди алп жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу адеп-ахлактыкка тарбиялоо, ааламдашуу шартындагы илимий маалыматтуулугун жогорулатуу, жазуучунун чыгармаларын талдай билүү жөндөмүн арттыруу, өз оюн эркин билдирүү көндүмүн калыптандыруу, ушул багытта аналитикалык жөндөмдөрүн кеңейтүү.

АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

— Аалам маселеси Айтматовдун чыгармаларында; Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына таасирленүү; Жазуучунун чыгармаларындагы сүйүү темасы; Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы балдардын образы жана Ч.Айтматов искусствонун тармактарында аттуу тематикалык багыттар менен өткөрүлдү. Баяндамалар жана билдирүүлөр мазмунунун тереӊдиги, проблеманы кеӊири жана тереӊ ачып бергендиги менен айырмаланды.

Баяндамаларда жана билдирүүлөрдө Ч.Айтматовдун  өлбөс-өчпөс чыгармалары түбөлүккө из калтырып, ааламда океандай чалкып жаткан “Манас” эпосу менен эриш-аркак эгиздей өмүр сүрөөрү шексиз экендиги жана калтырган мурастарын таанып-билүү, өздөштүрүү, чыгармаларда камтылган эне тилибиздин бай ички мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүү, билгичтик менен кеӊири пайдалануу сунуш кылынды, — дейт Н.Жапаралиева.

АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

Конференциянын жыйынтыгында  заманыбыздын залкар сүрөткери Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган студенттик илимий-практикалык конференциялар, тегерек стол, семинарлар, диспуттар, талкуулар, адабий кечелер, адабий окууларды республикабыздын жогорку окуу жайларында кезектешип өткөрүү жана  студенттерге чыгармачыл дем берүү максатында Ч.Айтматов атындагы сыйлык уюштуруу боюнча резолюция кабыл алынды.

Атайын кабарчы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер