АЙТМАТОВ КААРМАНДАРЫ КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙДА

  • 02.11.2018
  • 0

“Эне тил жана Айтматов”  деп  жарыяланган иш чаранын алкагында  кыргыз  тилин жана залкар жазуучубуз Айтматов Чынгыз Төрөкуловичти даңазалоого Бишкек шаарындагы №3 кесиптик  лицейинин окуучулары өз таланттары менен өнөр чыгармачылыктарын көргөзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ала алышты.

АЙТМАТОВ  КААРМАНДАРЫ  КЕСИПТИК  ОКУУ  ЖАЙДА

Ар бир тайпанын атынан кыргыз тили туурасында жазылган ыр саптарынан көркөм окулуп, андан соң Айтматовдун чыгармачылыгына кайрылуу менен жеке чыгармачылык жөндөмүнө жараша чакан театрлаштырылган монологдор аткарылып,  калыстар тобу тарабынан бааланды.  Калыстар тобунун курамындагы республикалык чыгармачылык борбордун, кесиптик лицейлердин директорунун орун басарлары, окуу жайыбыздын администрациясынын калыс чечими менен ар бир тайпага орундар бөлүштүрүлүп, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.  Жеке чыгармачылык жөндөмү менен тааныла алган айрым окуучулар да акчалай сыйлыктар менен мактоо баракчаларына ээ болушту.

Өзгөчө көрүүчүлөрдүн баасына татып, тайпасына кадыр-барк алып келген окуучулардын аткаруучулук жөндөмдүүлүгү менен  артисттик чеберчилиги мактоолорго арзыды. Жазуучунун “Кылым карытар бир кун” чыгармасындагы манкурттун бейнесин  Замирбек уулу Арген эң мыкты деңгээлде ачып көрсөтсө, Канатбек уулу Самат “Жамийла” чыгармасындагы Сейиттин  ролун жеткиликтүү берилгендик менен аткарып көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жеткире алды.

АЙТМАТОВ  КААРМАНДАРЫ  КЕСИПТИК  ОКУУ  ЖАЙДА

«Саманчынын жолу» чыгармасындагы  Толгонай эненин  ролун Майрамбек кызы Кундуз жакшы деңгээлде аткаруу менен каармандын бейнесин ачты. “Ак Кеме”, “Эрте келген турналар”, “Кызыл алма”, “Саманчынын жолу” чыгармаларындагы көз ирмемдеринен ролдоштуруп аткарган окуучуларга көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабышты.  Кеченин музыкалык бөлүгүндө кыргыз элинин улуттук бийлерин көргөзүү менен айрым тайпалардын окуучулары патриоттук ырлардан обон созушту.

Окуу жайдын кыргыз тил  мугалими Ормукова Айгул жана орус тил мугалими  Акматова Назгул окуучуларды даярдоого чоң эмгек жумшашты.   Баш байгеге  автомобилдерди оңдоочу 1920 тайпасы татыктуу болду, 1-орун   электрик 34, 2-орун  арип терүүчү 78 тайпаларына ыйгарылды.  Эң жакшы көркөм окуган, ырдаган же монолог айткан окуучулардын да эмгектери бааланып,  “Эн мыкты көркөм ыр”, “Эң мыкты монолог”, “Эн мыкты образ” деген сыяктуу номинациялык мактоо баракчалары берилди.

Бул иш чара аркылуу келечек ээлери жаштардын да эсинде кала тургандай, алардын студенттик өмүрүнүн бир барагын кооздогудай  жана ошону менен бирге эле ар бир мекенчил инсандын патриоттук сезимин, көркөм чыгармачылык дүйнөгө болгон табитин ачып, көз карашын бир аз да болсо өзгөртө алгыдай таасир калтыра алды деп ишенимдүү айтууга болот.

                Ормукова Айгул,  Бишкек шаарындагы №3- кесиптик лицейдин кыргыз тил мугалими 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер