АЙТМАТОВ АКАДЕМИЯСЫНЫН АКАДЕМИКТЕРИ АНЫКТАЛДЫ

  • 14.02.2019
  • 0

12-февралда Эл аралык Айтматов клубунун 2016-2018-жылдар үчүн “Адабият, көркөм өнөр жана маданият тармагындагы Эл аралык сыйлыгынын лауреаты” наамына ээ болгондорго жана Коомдук Айтматов академиясына жаңы шайланган академиктерге диплом жана төш белги тапшыруу аземи болуп өттү.

АЙТМАТОВ АКАДЕМИЯСЫНЫН АКАДЕМИКТЕРИ АНЫКТАЛДЫ

Иш-чарага Чыңгыз Айтматовдун карындашы Р.Айтматова, СССРдин Эл артисти К. Сартбаева, КР Эл артисттери  Д.  Жалгасынова, С. Далбаев, Ж.Сейдакматова жана башка адабият, маданият айдыңындагы инсандар катышты.

Эл аралык Айтматов клубунун “Адабият, көркөм өнөр жана маданият тармагындагы Эл аралык сыйлыгынын  лауреаты” деген наам: жазуучу  Султан Раевге “Топон” романы, театр жана кино актёру Нурканбек Турсунбаевге Ч. Айтматовдун жана дүйнөлүк классикалык башка чыгармалар боюнча спектаклдерде, фильмдерде мыкты ролдорду жараткандыгы жана маданий-уюштуруучулук ишмердиги, Өзбек Республикасынын Эл артисти Мирзажон Азизовго Ч.Айтматовдун чыгармаларын театр өнөрү аркылуу өзбек көрөрмандарына жеткирүүгө сиңирген көп жылдык үзүрлүү эмгеги, актриса Анара Сыдыгалиевага Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклинде башкы каарман  Толгонайдын образын эң жогорку чеберчилик  деңгээлде жараткандыгы, актёр, киносценарист, кинорежиссёр Бакт Мукулга улуттук театр жана кино өнөрүнө сиңирген көп жылдык үзүрлүү эмгеги, “Учур” театрынын режиссеру  жана артисттери Ш. Шейшенов, Б. Асанова, Ч.Мамаев, Н. Копоев, А. Ажыканова, И. Токтокожоевага Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган “Кыямат”, “Жаабарс” спектаклдеринде мыкты образдарды жараткандыктары үчүн ыйгарылды.

КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев: “Сыйлык ээлерин тандоо оңойго турган жок. Жогорудагы инсандардын чыгармачылыгын атайын комиссия карап чыгып, тандап алды”, — деди өз куттуктоосун айтып жатып.

Коомдук Айтматов академиясы 2018-жылы жаңы академиктер менен толукталды. Алар: филология илимдеринин доктору, академик Иса Габиббейли (Азербайжан), филология илимдеринин доктору, профессор Мейлибаев Ахмаджон (Өзбекстан), филология илимдеринин доктору, профессор Миннуллин Ким (Татарстан) жана филология илимдеринин доктору Бакашова Жылдыз (Кыргызстан).

Эске сала кетсек, Эл аралык Айтматов клубу 1989-жылы көркөм адабиятты, искусствону, маданиятты, элдин тарыхын жана салт-санаасын, Ч.Айтматовдун чыгармаларын эл аралык илимий, маданий байланыштардын чыңдалышына салым кошуу максатында уюшулган. Клубдун сыйлыгы 1991-жылдан бери берилип келе жатат. “Айтматов клубунун адабият, көркөм өнөр жана маданият тармагындагы эл аралык сыйлыгынын” алгачкы лауреаттары: француз жазуучусу Луи Арагон, казак жазуучусу Мухтар Ауэзов, сүрөтчү, киноактёр Сүймөнкул Чокморов болгон.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер