АЙТМАТОВ ААЛАМЫНА АРНАЛГАН ТҮРКЧӨ ИЛИМИЙ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 14.09.2020
  • 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Bozkırın Uyanışı CENGIZ AYTMATOV» аттуу эки томдук илимий макалалар жыйнагы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын колдоосу менен басмадан  чыгарылды.

АЙТМАТОВ ААЛАМЫНА АРНАЛГАН ТҮРКЧӨ ИЛИМИЙ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

Китепке 23 өлкөдөн  98 окумуштуунун макаласы жарыяланган.  Китеп  Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун баш сөздөрү менен жарык көрдү.

Китептин бат ачары Кыргыз Респупликасынын Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан  Акматалиевдин  жетекчилиги астында уюштурулуп, ага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият тармагы боюнча кеңешчиси Nuri Şimşekler катышты.

АЙТМАТОВ ААЛАМЫНА АРНАЛГАН ТҮРКЧӨ ИЛИМИЙ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

Аталган китепке И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Т.Абдырахмановдун, профессор С.Мусаевдин  жана доцент К. Койлубаевдин, Жайна Садыкбекованын  макалалары кирген.

Бөлүшүү

Комментарийлер