“АЙТМАТОВ ААЛАМЫ» КӨРГӨЗМӨ-СЫНАГЫ

  • 08.06.2018
  • 0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жаш сүрөтчүлөрдүн “Айтматов ааламы» көргөзмө-сынагы өз эшигин ачты.

“АЙТМАТОВ ААЛАМЫ" КӨРГӨЗМӨ-СЫНАГЫ

Иш-чара “Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  бекитилген Чыңгыз Айтматовдун 90  жылдыгын  улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын максаты – залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын көркөм сүрөт өнөрүндө, Кыргыз Республикасынын заманбап сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринде чагылдырып жайылтуу болуп саналат.

Көргөзмөнүн ачылышында Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева “Айтматов ааламы Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларында” аттуу альбом-каталогду тартуулады, ал конкурска катышкан жаш сүрөтчүлөрдүн иштеринин жогорку деңгээлин белгилеп, катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Каталогдун биринчи бөлүмүнө Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин фонддорундагы коллекция кирген. Каталогдун экинчи бөлүмү Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыгына арналган. Жаш сүрөтчүлөрдүн музейге коюлган эмгектери ар кандай техникада, ар түрдүү багыттарда жана түркүн материалдардын жардамы менен аткарылган. Бул эмгектерде элдик, улуттук көркөм принциптер заманбап автордук чечмелөө менен айкалышканы байкалат.

“АЙТМАТОВ ААЛАМЫ" КӨРГӨЗМӨ-СЫНАГЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кенештин депутаты Тазабек Икрамов, Президенттин Аппаратынын өкүлү Мира Карыбаева, музейдин директору Юристанбек Шыгаев Кыргызпатентке жана жаш сүрөтчүлөргө ыраазычылык билдирип, жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери көрүүчүлөргө эстетикалык ырахаттануу тартуулаган көркөм баалуулукка ээ экендигин белгилешти.

Көргөзмө-сынакка жаш сүрөтчүлөрдүн ар кайсы жанрдагы, түрдүү тематикадагы эмгектери 27-июнга чейин коюлду. Көргөзмөнүн ачылышында жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар жана атайын сыйлыктар ыйгарылды. Жалпысынан сынакка өлкөбүздүн бардык аймактарынан 80-жакын жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.

Көргөзмө-сынакка республикабыздын бардык аймактарынан жаш сүрөтчүлөр, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү, айтматов таануучулар, көркөм сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөр жана башкалар катышмакчы.   

Гүлбара Кудайбердиева, Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер