АЙТМАТОВ 90: БГУда ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТИК МАРАФОН

  • 15.04.2018
  • 0

Бишкек Гуманитардык Университетинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык студенттик марафон башталды.

АЙТМАТОВ 90: БГУда ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТИК МАРАФОН

«Айтматов биздин жүрөктө: сүйөбүз жана сыймыктанабыз!» деп аталган фестиваль БГУнун 15 тилде билим берген мультилингвалдык өзгөчөлүгүн эске алуу менен болуп жатат.

Бир аптага созулган биринчи этапта студенттер ар кыл иш чараларга катышты. Атап айтканда дүйнөнүн 15 тилинде флешмоб, спич-конкурс, викториналар, эссе, дубал газета, плакаттардын конкурсу жана көркөм окуу, сахналаштырылган оюндар, ар башка элдердин ырлары-бийлери, көргөзмөлөр болду.

«Фестивалдын негизги демилгечиси, көч башында тургандар жана анын кыймылдаткыч күчү – студенттер өздөрү»,-деп айтты фестивалдын ачылыш салтанатында сүйлөгөн сөзүндө БГУнун ректору, профессор Абдылда Мусаев.

БГУ Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча мыкты эссеге, дилбаянга, фоторепортажка, радио- телерепортажка, ырга, жазуучунун графикалык портретине конкурс жарыялады.

Бул конкурстун жыйынтыгы марафондун  5-ноябрда боло турган экинчи этабында чыгарылат. Ал эми 17-ноябрда үчүнчү этапта Айтматов темасына байланыштуу тилдер менен маданияттардын эл аралык фестивалы өтөт. Анын ишине  Москва мамлекеттик лингвистика университетинин жана чет өлкөдөгү башка жогорку окуу жайлардын катышары күтүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер