АЙТМАТОВ 90: АК-СУУ РАЙОНУНДАГЫ ИШ ЧАРАЛАР

  • 14.11.2018
  • 0

Ак-Суу районунда райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети тарабынан заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына бир катар иштер аткарылды.

Ак-Суу районуну борбору Теплоключенка айылынын Маданият үйүндө өткөрүлгөн “Кино жана өспүрүм” кинокербенине Ак-Суу районунун 5 мектебинен 300 окуучу жана 20 мугалим  активдүү катышты.

Кинокербен окууучулар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Көрсөтүлгөн 40 мүнөттүк кинотасма залда отургандардын баарына чоң таасир тийгизди, анткени азыркы учурда окуучуларыбыз мурунку мезгилдеги маңыздуу кинотасмаларын көңүл буруп көп көрүшпөсө керек да. Окуучулар келген меймандарга — Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисттери Чоро Дубанаев жана Бусурман Одуракаевке көптөгөн суроолорду берип, каалоолорун айтып жатышты.

Суроо-жооп учурунда окуучулар Ч.Айтматов кандай адам болгонун, ал жөнүндө кызыктуу окуяларын угуп көптөгөн маалыматтарды алышты.

Окуучуларды адептүүлүккө, Кыргызстандын адабий жана маданий эстеликтерине аяр мамиле жасоого тарбиялоо,Чынгыз Айтматовдун эмгектерине урмат көрсөтүп, анын чыгармалары менен тааныштыруу жана китептерин окууга кызыгуусун жогорулатуу, окуучуларды улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу максатында залкар жазуучунун элесине жана улуттук адабияттын күнүнө арналган “Чынгыз Айтматов-заманыбыздын гений жазуучусу” адабий-аймак таануу сынагы 2018-жылдын 10-октябрынан 25-октябрына чейин өткөрүлдү. Ушул эле убакыттын ичинде Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча”Айтматовдун ааламы”сүрөт сынагы болду.

Сынактын максаты-окучулардын чыгармачылык иш-аракеттерге тартуу, сүрөт чыгармачылыгына багыт берүү, окуучуларда активдүү атуулдук позицияны калыптандыруу жана өз мекени менен сыймыктануу сезимин өстүрүүгө тарбиялоо болуп саналат. Сынакта ар бир мектептин 7-11-класстарынын окуучулары  дил баяндарды жазып, сүрөттөрдү  жобого ылайык темада  тартып, ал сынактын жеӊүүчүлөрүнүн эмгектери Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн борборуна жөнөтүлдү.

Жогорку класстарда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган дубал газеталар, рефераттар кыргыз тилчи мугалимдердин көзөмөлүндө чыгарылды. Райондогу   М.Мамакеев атындагы мектеп гимназиясында китепканачы А.Стамова тарабынан даярдалган “Ч.Айтматовдун учкул сөздөрү“ темасындагы слайд көрсөтүлүп, улуу жазуучунун  чыгармачылыгына байланыштуу суроолорду зал ичиндеги көрүүчүлөргө берип, ал боюнча кызуу талкуу болду.

Ал эми Ж.Асаналиев атындагы орто мектебинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата  9-10-11-класстар арасында илимий конференция болуп өттү. Аны мектептин кыргыз тилчи мугалими К.Мырзакалыкова  жетектеп, окуучулар арасында улуу жазуучунун басып өткөн жолу, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу кеӊири талкуу болуп, окуучулар тарабынан даярдалган илимий иштери жакталды. Андан соӊ 5-9-класстардын окуучулары ортосунда Ч.Айтматовдун чыгармаларынан ”Мага жаккан чыгарма ”деген темада сынак уюштурулуп, чыгармаларынан ролдоштуруп аткарып беришти.

У.Мурзакматов атындагы орто мектебинде жалпы мектеп арасында “Ааламдын алпы Айтматов”деген темада “Балдардын сынагына сынбайсынбы”дил маеги кыргыз тилчи мугалим А.Медетбекованын жетектөөсү менен абдан кызыктуу өттү. Кыргыз тилчи мугалим С.Карымшакова “Төрөкулдун Чынгызы — кыргызымдын жылдызы” аттуу ачык сабагын өткөрсө ыр жана музыка мугалими К.Чилдибаев жазуучунун чыгармаларына жазылган обондуу ырларын окуучулар менен бирдикте аткарып беришти.

Райондун билим берүү мекемелеринде, бала бакчаларда мындан тышкары дагы көп иш чаралар аткарылууда жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата түзүлгөн жылдык иш план боюнча иш чаралар улантыла бермекчи.

 

                                                    Назира Осмонбаева, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер