АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЬ

  • 17.04.2018
  • 0

К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде Чыңгыз Айтматовдун  90 жылдык мааракесине арналган «Ч. Айтматов биздин жүрөгүбүздө: сүйөбүз жана сыймыктанабыз» аттуу эл аралык студенттик фестивалдын ачылыш аземи болуп өттү.

АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЬ

Улуу жазуучуга жана анын чыгармаларына арналган фестиваль үч этап менен өтүп, жыйынтыгы ноябрь айында чыгарылат.

Биринчи этап узакка созулуп, ага студенттердин бардыгы тартылып массалык мүнөзгө ээ болот. Ар кандай аянтчаларда түрдүү иш-чаралар: флэшмобдор, эссе, спич-конкурстар, викториналар, дилбаяндар жазылып, дубал газеталар, плакаттар чыгарылып, көркөм окуулар, театрлаштырылган көрсөтүүлөр  дүйнөнүн 15 тилинде уюштурулуп, ар  башка элдердин ырлары жана бийлери аткарылат, көргөзмөлөр  өткөрүлөт. Ошондой эле жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган көркөм фильмдер көрсөтүлөт.

Юбилейлик  марафондун  экинчи  этабында, 2018-жылдын 5-ноябрында  жогору адистештирилген  тажрыйбалуу адистерден уюштурулган жюри  мүчөлөрү өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыгын чыгарышып, жеңүүчүлөрдү аныкташат.

Ушул белгиленген мезгил ичинде студенттер менен окутуучулардын күчү менен тартылган Ч. Айтматов жөнүндө даректүү фильм көрсөтүлөт жана  «Ч. Айтматовдун публицистикасы жана коомдун рухий турмушу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.

Үчүнчү жыйынтыктоочу этап  ушул жылдын 17-ноябрында болот. Бул күнү  университеттин  уюштуруу  комитети  жыл  сайын өткөрүп  жүргөн  Айтматовдук  тематикага  арналган  тилдердин  жана маданияттын эл аралык фестивалын өткөрөт. Бул Эл аралык фестивалга Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университеттин, КМШ жана чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышат.

Фестивалдын алкагында улуу жазуучунун өмүрүнө  жана чыгармачылыгына арналган  эл  аралык маанидеги тегерек стол өткөрүлүп,  эл аралык  фестивалынын  бардык  этаптары  боюнча  жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер