АЙМАКТАРДАГЫ СТУДЕНТТЕР — БИЛИМДҮҮ, БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН!

  • 26.06.2018
  • 0

23-24-июнда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн – III” аттуу аймактардагы мамлекеттик жогорку окуу жайлардын студенттеринин достук фестивалы болуп өттү.

АЙМАКТАРДАГЫ СТУДЕНТТЕР - БИЛИМДҮҮ, БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН!

Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Ош шаарынын вице мэри Шакир Зулимов ошондой эле 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде кабыл алынган Ош декларациясына мүчө болгон окуу жайлар — Ысык-Көл, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош мамлекеттик университеттеринин жетекчилери жана студенттери катышышты.

Кечеде ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев жалпы конокторго, жетекчилерге окуу жайдын атынан ыраазычылык билдирүү менен, бул өткөрүлүп жаткан Ош декларациясынын алкагындагы достук фестиваль – учурдагы билим берүүдөгү бир топ маселелерди чечүүгө, жаштардын ааламдашуусуна, окутуучулардын жана студенттердин тажрыйба алмашуусуна, аймактар жана жаштар ортосунда достукту бекемдөөгө зор өбөлгө болуп жаткандыгын баса белгилеп өттү. Ушундай эле куттуктоо сөзүн фестивалдын коноктору министрдин орун басары К.Кожобеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайлардын ректорлору айтышп, фестивальдын жүрүшүнө ийгиликтерди каалашты.

АЙМАКТАРДАГЫ СТУДЕНТТЕР - БИЛИМДҮҮ, БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН!

Андан соң иш-чараны фестивалдын маданий бөлүгү улантып, окуу жайлар даярдап келген номерлерин жобонун негизинде жалпыга тартуулашты. Мында студенттер “саламдашуу”, “фольклордук”, “эстрадалык”, “хореографиялык”, “поэзиялык” жана “театралдык” жанрлар боюнча өз чыгармачылыктарын, таланттарын көрсөтүшүп, өз окуу жайларынын намысын коргошту.

Экинчи күнүндө ОГПИнин таланттуу студенттери келген конокторго концерттик программа тартуулашты. Андан соё фестивалдын лауреаттарын сыйлоо аземи болуп, ректор Б.Б.Зулуев комиссиянын чечими менен тандалаган мыкты номер ээлерине диплом, окуу жайдын символикалык белектерин жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Фестивалдын маданий бөлүгүнөн сырткары студенттер ортосунда спорттук мелдештер, жаштарга арналган бий кече жана коноктор үчүн Ош шаарына саякат уюштурулду.

Фестивалдын эстафетасы Талас мамлекеттик университетине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер