AIU FEST 2026: «Ала-Тоо» эл аралык университетинин атмосферасы жана мүмкүнчүлүктөр мейкиндиги
- 21.04.2026
- 0
«Ала-Тоо» эл аралык университетинде «AIU FEST 2026» иш-чарасы өтүп, абитуриент, студентт, ата-эне, өнөктөш жана бизнес өкүлдөрү үчүн майрамдык маанай тмртууланды. Коноктор ар кандай локациялар менен таанышып, суроолорун берип, университет менен колледждин активдүүлүктөрүнө катышышты.

«Ала-Тоо» эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Назира Эсеналиева конокторду жылуу тосуп алды:
«Быйыл биздин университет 30 жылдыгын белгилеп жатат. Бул маанилүү учурду сиздер менен бирге өткөрүп жатканыбыз биз үчүн абдан баалуу. Бүгүн жөн гана Ачык эшиктер күнү эмес — бул “Ала-Тоо” чөйрөсү деген эмне экенин сезүү мүмкүнчүлүгү. Бул жерде сиздер өз келечегиңиздерге карай алгачкы кадамдарды жасай турган мүмкүнчүлүктөр мейкиндигин табасыздар. Биздин максат — жөн гана билим берүү эмес, ар бир студент өз дараметин толук ишке ашыра ала турган шарттарды түзүү. Ар бириңиздерге өзүңүздөр издеген нерсени табууну каалайм. Ал эми биздин үй-бүлөнүн мүчөсү болууну каалагандарга — кош келиңиздер!»
Чексиз билим алуу
Ачык эшиктер күнүнүн алкагында абитуриенттер факультеттер, англис тилинде окуу, академиялык мобилдүүлүк, кош диплом программалары жана эл аралык долбоорлор тууралуу толук маалымат алышты. Окутуучулар жана ыктыярчылар кесип тандоодо жардам берип, өнүгүүнүн багытын аныктоого көмөктөштү.
Карьера ушул жерден башталат
Ошол эле учурда Карьера жарманкеси өттү. 30дан ашык компаниянын өкүлдөрү менен түз байланыш, стажировка жана жумуш сунуштары. Ар ким резюмесин калтырып, иш берүүчүлөрдөн түз кеңеш ала алды.
Бир күндө 23 өлкө
Фестивалдын өзгөчө бөлүгү -маданий чөйрө. 23өлкөнүн ашанасы, салттары, улуттук кийимдери көрсөтүлүп, чыныгы эл аралык майрамдын атмосферасы түзүлдү. Коноктор дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген тамактарды татып көрүп, интерактивдүү иш-чараларга катышып, музыка угуп, сүрөткө түшүштү.
Фестиваль жаркын шоу-программа менен коштолду: диаспоралардын чыгыштары, конкурстар, оюндар жана белектер. Кыргыз эстрада жылдыздары сахнага чыгып, жүздөгөн көрүүчүлөрдү бириктирди.

Жөн гана иш-чарадан да көп
AIU FEST 2026 «Ала-Тоо» университети — бул жөн гана лекциялар жана экзамендер эмес экенин дагы бир жолу далилдеди. Бул — студенттер өсүп, өз таланттарын ачып, байланыштарды түзүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү таба турган чөйрө.
AIU FEST 2026га катыша албай калсаңыз да — бул мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберүүгө себеп эмес. «Ала-Тоо» эл аралык университетинин комьюнитисине кошулуу менен сиз:
- англис тилинде эл аралык чөйрөдө билим алуу
- алмашуу программалары жана кош дипломдор
- академиялык жана чыгармачыл өнүгүү
- активдүү студенттик жашоо
Иш-чаранын башкы демөөрчүлөрү:
“Coca-Cola İçecek Kyrgyzstan”, ЗАО “Шоро” жана ЗАО “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”.
Расмий демөөрчүлөр: МКК “Байлык Финанс” жана ОсОО «Форвис Мазарс ТЦК», Kaynar Group.
Келечегиңизге кадам жасаңыз — «Ала-Тоо» эл аралык университетин тандаңыз!

Комментарийлер