АИША БОУ ОШТУДА

  • 28.04.2023
  • 0

NASA окумуштуусу, глобалдык мотивациялык спикери жана STEMBoard негиздөөчүсү жана башкы директору, Аиша Go Viralдын негизги спикерлеринин бири Аиша Боу Кыргыз Республикасына болгон иш-сапарынын алкагында ОшТУга келди.АИША БОУ ОШТУДА

Аиша Боуну окуу жайдын ректору Ж.Турсунбаев кабыл алып, студенттерге пайдалуу иш-чараларды биргелешип өткөрүү, эки тараптуу кызматташуу, биздин студенттердин Боунун программасы боюнча башка өлкөлөрдөн билим алууларын уюштуруу сыяктуу маселелер талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө келечекте жаштарды тарбиялоо жана билим берүүдө университет менен биргеликте шыктандыруучу ар кандай билим, тарбия жана илим багытындагы программаларды иштеп чыгуу боюнча аңгемелешти.

Аиша Боу университеттин Америка ресурстук-маалыматтык борборунда студенттер менен жолугушуп, IT, бизнес, медиа жана маданият жөнүндө дүйнөлүк деңгээлдеги маалыматтар менен бөлүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер