АИДА ИСМАИЛОВА «ЖАШТЫК» МЕКТЕПТИК ЖАНА СТУДЕНТТИК СПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ДИРЕКЦИЯНЫН МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

  • 02.06.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова «Жаштык» Мектептик жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциянын маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

«Жаштык» спорт комплексинде машыккан 4 жаштан 15 жашка чейинки 300 жакын баланын ата-энелери жана алардын машыктыруучулары көркөм гимнастика жана акробатика менен машыгуучу залды тартып алып коюшкандыгын айтышты. Мындан мурда бир катар ЖМКларда «Жаштыктын» машыгуучу залынын тегерегинде чыккан конфликттик абал тууралуу маалымат чыккан.

Кеңешменин жүрүшүндө балдардын физикалык, акыл, руханий, адеп-ахлак жана социалдык жактан ырааттуу жана ар тараптуу калыптануусун жогору коюу иретинде алардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо маселеси талкууланды.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө түзүлгөн кырдаал боюнча толук талдоо жүргүзүүнү, «Жаштык» Дирекциясынын мындан аркы функциясы боюнча конкреттүү сунуштарды берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Аида Исмаилова өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринде дене тарбия жана спорт боюнча класстан тышкаркы ишти өнүктүрүүгө багытталган программаны иштеп чыгуу тапшырмасын койду.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева, «Жаштык» Дирекциясында машыккан балдардын ата-энелери жана алардын машыктыруучулары катышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү да чакырылган.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер