АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ МЕНЕН СТУДЕНТТЕРИ БИРИКТИ

  • 07.02.2023
  • 0

АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ МЕНЕН СТУДЕНТТЕРИ БИРИКТИ

Жакында Кыргыз улуттук агрардык университетинде Жаш окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү менен студенттердин ортосундагы илимий байланышты өркүндөтүп, жаш окумуштуулар жана студенттер арасында илим-изилдөө иштерин алып баруу, студенттерге илимий макаланы жазуу жолдорун үйрөтүү максатында аспиранттар, магистранттар, жаш окумуштуулар жана лидер-студенттердин чогулушу өттү.

АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ МЕНЕН СТУДЕНТТЕРИ БИРИКТИ

Чогулушта илимий иштер боюнча проректор У.Шергазиев Жаш окумуштуулар кеңешинин жаңы курамы менен тааныштырып, университеттин өнүгүү стратегиясы тууралуу талкуу болду.  Skops, Web of Science илимий-метрикалык базаларга кире турган журналдарга макалалардын жарыяланышы зарыл экендигине токтолуп, алдыда университеттердин дүйнөлүк рейтингине, Университет 4.0 кирүү максаты тургандыгын баса белгиледи.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор С.Батаканова стартап долбоорунун аткарылышы жана студенттердин стартап долбоорлор менен кандай иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Жаш окумуштууларга стартап долбоорлорун даярдап, февралдын аягында презентация жасоо керектиги милдеттендирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер