АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ЖАМААТЫ АЛДЫДА

  • 24.02.2022
  • 0

Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери арасында дене тарбия жана спортту жайылтуу максатында өткөн «Ден соолук» спартакиадасында Кыргыз улуттук агрардык университетинин окутуучулары мыкты ийгиликтерди жаратышты.

АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ЖАМААТЫ АЛДЫДА

14-февралдан 22-февралга чейин Бишкек шаарында өткөн мелдеште окуу жайдын окутуучулары волейбол боюнча 40 жашка чейинки эркектер арасында 1-орунду, 40 жаштан жогорку эркектер арасында 3-орунду, шахмат боюнча эркектер арасында 1-орунду, аялдар арасында 3-орунду, стритбол боюнча 1-орунду багындырышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер