АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН КЫТАЙДАГЫ ИШ САПАРЫ: ЭЛ АРАЛЫК ӨНӨКТӨШТҮК ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
- 21.08.2026
- 0
Кытай айыл чарба илимдер академиясынын (CAAS) чакыруусу менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) өкүлдөрү Кытай Эл Республикасына барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө илимий иштер боюнча проректор, география илимдеринин кандидаты, PhD доктор С. Кожокулов баштаган К.И. Скрябин атындагы КУАУнун делегациясы Шинжаң-Уйгур автономдук районунун Кашкар округуна караштуу Шуфу уездинде жайгашкан Шинжаң политехникалык кесиптик университетинде болду. 
КУАУнун өкүлдөрү аталган университеттин изилдөө платформаларына, анын ичинде тамак-аш илими жана технологиялар мектебинин, ошондой эле биотехнологиялар мектебинин лабораторияларына барышты. Визиттин алкагында тараптар айыл чарба продукциясын тереңдетип кайра иштетүү жана функционалдык товарларды иштеп чыгуу багытында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары кытай-кыргыз биргелешкен функционалдык айыл чарба лабораториясынын алкагында техникалык колдоо көрсөтүү, кадрларды даярдоо жана технологияларды трансферлөө жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерин да карап чыгышты.
Талкуулардын жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тексти боюнча принципиалдуу макулдашууга келишти. Документке акыркы юридикалык жана техникалык оңдоолорду (логотиптерди жаңыртуу, сөздөрдү макулдашуу) киргизип, андан соң расмий кол коюп, нускалары менен алмашуу жүрдү. 
К.И. Скрябин атындагы КУАУнун өкүлдөрү жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын 90 жылдык академиялык борборунун кош дипломдуу программаларды, студенттер жана окутуучулар менен алмашууну, биргелешкен лабораторияларды түзүүнү жана кытай тилин үйрөнүүнү камтыган үч тараптуу жана көп тараптуу академиялык, илимий жана технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгын тастыкташты.
Шинжаң политехникалык кесиптик университетине баруудан тышкары, КУАУнун делегациясы Артыш шаарында Кызыл-Суу Кыргыз автономдук округунун Өкмөтүндө расмий жолугушуу өткөрдү. Анда округ башчысынын орун басары Лэн Сюйбин мырза Кыргызстан менен Кызыл-Суунун тарыхый, маданий жана географиялык жалпылыгын, ошондой эле “Бир алкак, бир жол” демилгесине биргелешип катышуунун стратегиялык маанилүүлүгүн баса белгилеп, жарым кургак климаттын жана агроөнөр жай түзүмүнүн окшоштугу өз ара толуктоо үчүн идеалдуу база түзөрүн белгиледи. 
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун 4 артыкчылыктуу багыты аныкталды: илимий-техникалык кооперация; өсүмдүктөр менен жаныбарлардын генетикалык материалдары менен алмашуу жана биргелешкен селекция; академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча кадрларды даярдоо; продукцияны кайра иштетүү, санитардык-фитосанитардык стандарттарды шайкеш келтирүү жана «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу логистиканы тездетүү боюнча соода-логистикалык коридорлор. Кыргыз тараптан К.И. Скрябин атындагы КУАУнун стратегиялык өнүктүрүү жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Б. Калдыбаев округ жетекчилиги тарабынан айтылган бардык демилгелерге толук колдоо билдирип, КУАУ аларды практикалык жүзөгө ашырууга даяр экендигин тастыктады.
Цзянсу провинциясынын Уси шаарындагы Цзяннань университетине болгон визиттин учурунда КУАУнун өкүлдөрү тамак-аш илими жана технологиялар мектебинин жана биотехнологиялар мектебинин илимий-изилдөө платформаларына барышты. Бул жерде академик Чэнь Цзяндын илимий командасы менен жолугушуу болуп, биоөндүрүш, функционалдык тамак-ашты иштеп чыгуу жана ферментация инженериясы жаатында академиялык алмашуу өткөрүлдү. Тараптар айыл чарба продукциясын тереңдетип кайра иштетүү жана функционалдык продуктуларды түзүү чөйрөсүндө кызматташуунун жогорку потенциалын белгилешти; биргелешкен лабораториянын алкагында техникалык колдоо, кадрларды даярдоо жана технологияларды трансферлөө маселелерин талкуулашты. 
Цзяннань университети КЭР Билим берүү министрлигине тикелей баш ийген 78 алдыңкы жогорку окуу жайларынын катарына кирет, «211 долбоору» жана «Кош биринчи класстагы курулуш» улуттук программаларына катышат.
2026-жылдын 14-августунда салтанаттуу кырдаалда эки негизги эл аралык документке расмий кол коюлду: К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, CAAS Шаардык айыл чарба институту, Цзяннань университети, Шинжаң функционалдык айыл чарба жана биоинтеллектуалдык өндүрүш негизги лабораториясы, «Кыргыз-Кытай инвестициялык бирдиктүү палатасы» юридикалык жактардын бирикмеси (ЮЖБ) ортосундагы беш тараптуу «Кызматташуу боюнча ниет каты» жана «»Бир алкак, бир жол» агробиоөндүрүш боюнча биргелешкен лабораториясын түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу ниет каты».
А.К., «КБ»
Комментарийлер