АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТ Ч.АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ
- 11.09.2018
- 0
20-сентябрда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата “Ч.Айтматовдун чыгармалары — дүйнөлүк руханияттын феномени” аттуу республикалык студенттик илимий-практикалык конференция жана улуу жазуучунун кабинетинин ачылыш аземи болот.
Иш-чарага КР Жогоку Кеңешинин депутаты Иманалиев Каныбек, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишекеев Назаркул, КР УИАнын вице-президенти, КР УИАнын корреспондент–мүчөсү Тогусаков Осмон, КР УИАнын Тил жана маданият институтунун директору, академик Акматалиев Абдылдажан, КУАУнун прфессор-окутуучулар жамааты, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Комментарийлер